Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

146-ЫР

Бардыгын жаңы жаратам

Бардыгын жаңы жаратам

(Аян 21:1—5)

  1. 1. Белгилерден билдик Уулу Кудайдын

    Башкарууга такка отурганын.

    Асмандан ал Ибилисти жеңди.

    Жерде аткарылат Кудай эрки.

    КАЙЫРМА

    Кудай бийлик кылат бизге,

    Эли менен жашайт бирге.

    Оору, өлүм, азап, муң-зар, кайгы

    Түбөлүккө жок болот аз калды.

    Баарын кайра жаңы жаратууга

    Берген Кудай убада.

  2. 2. Жаңы Иерусалимди бүт эл көрсүн,

    Козунун сымбаттуу колуктусун.

    Анын кийими асыл таштардан.

    Ага өзү Жахаба жарык шам.

    КАЙЫРМА

    Кудай бийлик кылат бизге,

    Эли менен жашайт бирге.

    Оору, өлүм, азап, муң-зар, кайгы

    Түбөлүккө жок болот аз калды.

    Баарын кайра жаңы жаратууга

    Берген Кудай убада.

  3. 3. Кооздугу ал шаардын баарын суктантат.

    Дарбазасы күн-түн ачык турат.

    Жарыгында Кудай эли басат.

    Анын жарыгын чагылдырышат.

    КАЙЫРМА

    Кудай бийлик кылат бизге,

    Эли менен жашайт бирге.

    Оору, өлүм, азап, муң-зар, кайгы

    Түбөлүккө жок болот аз калды.

    Баарын кайра жаңы жаратууга

    Берген Кудай убада.