146-ЫР
Бардыгын жаңы жаратам
-
1. Белгилерден билдик Уулу Кудайдын
Башкарууга такка отурганын.
Асмандан ал Ибилисти жеңди.
Жерде аткарылат Кудай эрки.
КАЙЫРМА
Кудай бийлик кылат бизге,
Эли менен жашайт бирге.
Оору, өлүм, азап, муң-зар, кайгы
Түбөлүккө жок болот аз калды.
Баарын кайра жаңы жаратууга
Берген Кудай убада.
-
2. Жаңы Иерусалимди бүт эл көрсүн,
Козунун сымбаттуу колуктусун.
Анын кийими асыл таштардан.
Ага өзү Жахаба жарык шам.
КАЙЫРМА
Кудай бийлик кылат бизге,
Эли менен жашайт бирге.
Оору, өлүм, азап, муң-зар, кайгы
Түбөлүккө жок болот аз калды.
Баарын кайра жаңы жаратууга
Берген Кудай убада.
-
3. Кооздугу ал шаардын баарын суктантат.
Дарбазасы күн-түн ачык турат.
Жарыгында Кудай эли басат.
Анын жарыгын чагылдырышат.
КАЙЫРМА
Кудай бийлик кылат бизге,
Эли менен жашайт бирге.
Оору, өлүм, азап, муң-зар, кайгы
Түбөлүккө жок болот аз калды.
Баарын кайра жаңы жаратууга
Берген Кудай убада.
(Кара: Мт. 16:3; Аян 12:7—9; 21:23—25.)