Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

152-ЫР

Сени даңктаган жер

Сени даңктаган жер

(1 Падышалар 8:27; 1 Жылнаама 29:14)

  1. 1. Ааламды жараткан Жахаба,

    Асман тардык кылат сага.

    Жер сенин бут алдың болсо да,

    Рухуң биздин арабызда.

    Үйүңдү көрккө чыгарууда

    Жүргөндөр сенин жолуңда.

    Биримдик бөлөйт кубанычка.

    Берилгендик жагат сага.

    КӨПҮРӨ

    Сен тартуу кылгансың

    Биздегинин бардыгын.

    Алганды эле кайра

    Кайтарабыз сага.

    КАЙЫРМА

    Жакшылыгыңа ыраазыбыз.

    Обонго салып ырдайбыз.

    Каалообузду ишке ашырдың.

    Бул жерди бизге ыйгардың.

  2. 2. Жахаба, сен жакшы билгенсиң.

    Даңктаарын сени бул жердин.

    Кызматыңды аткарып элиң,

    Көптөрдү алып келерин.

    Жүзөгө ашып ой-ниетиң,

    Көп иш аткарыла берсин.

    Токтотпой уланта берели

    Өз Уулуң тапшырган ишти.

    КӨПҮРӨ

    Беребиз жакшысын,

    Арнайбыз сага баарын.

    Жакшынын булагысың.

    Сен даңкка татыйсың.

    КАЙЫРМА

    Жакшылыгыңа ыраазыбыз.

    Обонго салып ырдайбыз.

    Каалообузду ишке ашырдың.

    Бул жерди бизге ыйгардың.