Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

154-ЫР

Өчпөс сүйүү

Өчпөс сүйүү

(1 Корунттуктар 13:8)

  1. 1. Нурданат сүйүү

    Биздин жүзүбүздө,

    Жат нерсе бул шум дүйнөгө.

    Жылытат ичти

    Достордун сүйүүсү,

    Кир жолотпой эч көңүлгө.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Сүйүү өчпөйт, бөксөрбөйт.

    Чыдайт ал баарына.

    КАЙЫРМА

    Кел, унутпайлы,

    Сүйүү — Жахабанын

    Табияты.

    Эч муздабаган,

    Жанып турган сүйүү

    Керек баарыбызга.

    Жашайт кылымдарга

    Өчпөс сүйүү.

  2. 2. Сезилет кээде

    Тушалып калгандай,

    Туткактайт турмуш түйшүгү.

    Бирок бел-арка

    Болсоң жакыныңа,

    Сезесиң Кудай сүйүүсүн.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Сүйүү өчпөйт, бөксөрбөйт.

    Чыдайт ал баарына.

    КАЙЫРМА

    Кел, унутпайлы,

    Сүйүү — Жахабанын

    Табияты.

    Эч муздабаган,

    Жанып турган сүйүү

    Керек баарыбызга,

    Жашайт кылымдарга.

    КАЙЫРМА

    Кел, унутпайлы,

    Сүйүү — Жахабанын

    Табияты.

    Эч муздабаган,

    Жанып турган сүйүү

    Керек баарыбызга.

    Жашайт кылымдарга

    Өчпөс сүйүү.

    Өчпөс сүйүү.

    Өчпөс сүйүү.