17-ЫР
«Каалайм»
-
1. Кудайдын Уулу чыдамдуу,
Боорукер, жумшак, кайрымдуу.
Чын дилден кам көрдү,
Көрсөттү сүйүү,
Убактысын элге бөлдү.
Таштаган жок бечараны,
Сакайтты оорулууларды.
Өзүнүн милдетин так аткарды.
Мырзабыз: «Каалайм»,— деп айтты.
-
2. Исадан үлгү алабыз,
Күн сайын аны туурайбыз.
Кабар уккандарга
Сылык сүйлөйбүз,
Чындык сөзүн үйрөтөбүз.
Жардам беребиз досторго,
Даярбыз биз колдогонго.
Жетим-жесирлер жардам сураса,
Сен да: «Каалайм»,— де аянба.
(Кара: Жкн. 18:37; Эф. 3:19; Флп. 2:7.)