Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-ЫР

Жахаба менен дос бололу

Жахаба менен дос бололу

(Забур 15)

  1. 1. Оо, Кудай, ким сенин

    Досуң боло алат?

    Ким турагыңда жашай алат,

    Таанып-биле алат?

    Сөзүңдү уккандар,

    Сага ишенгендер,

    Чындык боюнча жашагандар,

    Сага берилгендер.

  2. 2. Оо, Кудай, ким сенин

    Досуң боло алат?

    Кимдерди сен жакшы билесиң?

    Ким сени кубантат?

    Ысымыңды даңктап,

    Тилиңди алгандар,

    Сөзүңдү угуп, аткаргандар,

    Жүрөгү тазалар.

  3. 3. Жүгүбүздү артып,

    Сага таянабыз.

    Сезип сүйүүңдү, мээримиңди,

    Сага жакындайбыз.

    Дос болгубуз келет

    Дайым сени менен.

    Бул кең дүйнөдө бир да дос жок

    Өзүңдөй берилген.