52-ЫР
Кудайга арналуу
-
1. Кең ааламды Кудайыбыз
Кооз кылып жараткан.
Кол эмгеги болгондуктан
Аныкы жер, асман.
Ал өмүрдүн демин берген
Жаратууларына.
Мактообузга татыктуулугун
Далилдеген ал айкын.
-
2. Кудайдын эркин аткарып,
Чөмүлтүлгөн Иса.
«Эркиң аткарууга келдим»,—
Деген Жахабага.
Майланып Кудайдын Уулу
Чыгып Иордандан,
Кудайга арналган катары
Берилип кызмат кылган.
-
3. Алдыңа келип, Жахаба,
Атыңды даңктайбыз.
Өзүбүз үчүн жашабай,
Сага арналабыз.
Жалгыз Уулуңду сен бердиң
Бизди сүйгөндүктөн.
Жашасак, өлсөк да сен үчүн,
Баш тарттык өзүбүздөн.
(Кара: Мт. 16:24; Мр. 8:34; Лк. 9:23.)