79-ЫР
Аларды бекем турууга үйрөт
-
1. Окутуп Кудайдын койлорун,
Өскөнүн көрүү — бакыт.
Кудайдын элине кошулуп,
Алышты туура багыт.
КАЙЫРМА
Жахаба, бизди уга көр.
Аларга бир өзүң кам көр.
Иса аркылуу сурайбыз:
«Кудайыбыз, бекем турсун алар дайым».
-
2. Сыноого кабылганда алар
Жардам бер, тиленебиз.
Үндөйбүз туруктуу болгонго,
Кам көрүп, бекемдейбиз.
КАЙЫРМА
Жахаба, бизди уга көр.
Аларга бир өзүң кам көр.
Иса аркылуу сурайбыз:
«Кудайыбыз, бекем турсун алар дайым».
-
3. Бир сага жана тун Уулуңа
Таянып, үмүт артсын.
Чыгышсын жарыштын соңуна,
Сыноого багынбасын.
КАЙЫРМА
Жахаба, бизди уга көр.
Аларга бир өзүң кам көр.
Иса аркылуу сурайбыз:
«Кудайыбыз, бекем турсун алар дайым».
(Кара: Лк. 6:48; Элч. 5:42; Флп. 4:1.)