Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

81-ЫР

Пионерлердин жашоосу

Пионерлердин жашоосу

(Насаатчы 11:6)

  1. 1. Жөнөйбүз кабарга тиленип Кудайдан.

    Башталат кызматыбыз

    күн уясынан чыкканда.

    Айрымдар токтошот, кол шилтейт башкасы.

    Бирок жылуу тосуп алабыз

    аларды жылмая.

    КАЙЫРМА

    Жахабаны тандап,

    Ал үчүн жашайбыз.

    Анын айтканын аткарабыз.

    Ысык-суукка чыдап,

    Кызматын кылабыз.

    Бул аркылуу күндө: «Сүйөм»,— деп айтабыз.

  2. 2. Кайтабыз кызматтан күн кечтеп калганда.

    Рахмат айтып Жахабага

    кубанычтан шаттана.

    Жар салып кабарды, беребиз жакшысын.

    Ыраазычылык билдиребиз

    күн сайын Кудайга.

    КАЙЫРМА

    Жахабаны тандап,

    Ал үчүн жашайбыз.

    Анын айтканын аткарабыз.

    Ысык-суукка чыдап,

    Кызматын кылабыз.

    Бул аркылуу күндө: «Сүйөм»,— деп айтабыз.