Жахабага баалуу нерселериң менен урмат көрсөт
Жүктөп алуу
1. Жараткан жансызды да, жандууну да,
Баары таандык Жахабага.
Анда эмнемди бере алам ага?
Кантип бөлөймүн кубанычка?
Түшүндүм бардыгын, таптым жолун анын,
Мындай кыламын:
КАЙЫРМА
Эң мыктысын беремин мээримдүү Атама.
Өмүр бою, Жахаба, кызмат кылам сага.
Ар убак урматтайм,
Эң баалуусун бир өзүңө арнайм.
2. Ыраазымын өмүр сүрүп жатканыма,
Бөлөйт ар бир күн кубанычка.
Урмат көрсөтөм сага чын жүрөктөн,
Артык эмне бар мындан өткөн?
Түшүндүм бардыгын, таптым жолун анын,
Тартуулайм жакшысын.
КАЙЫРМА
Эң мыктысын беремин мээримдүү Атама.
Өмүр бою, Жахаба, кызмат кылам сага.
Ар убак урматтайм,
Эң баалуусун бир өзүңө арнайм.