Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабаны даңкта!

Жахабаны даңкта!

(Забур 96:8)

Жүктөп алуу

  1. 1. Ким бар сендей, оо, Жахаба,

    Баарынан бийик турган?

    Түгөнгүс мээримиң үчүн

    Сага эмне бере алам?

    Көккө көз агытканымда

    Тамшанам кубатыңа.

    Билемин эч ким эмесмин,

    Көңүл бургудай сен мага.

    КАЙЫРМА

    Оо, Жахаба, өзүңдү алкаймын,

    Ырымды сунам сага.

    Өкүмдарым, түбөлүк Кудайым,

    Сага таазим кыламын,

    Сени аалам даңктасын!

  2. 2. Өмүрүм сенин колуңда,

    Даңктайм бассам-турсам да.

    Жар салайын бүт баарына,

    Чакырып адил жолуңа.

    Кызмат кылганыма сага

    Чексиз сыймыктанамын.

    Таянар тоомсуң, Жахаба,

    Сенин жолуңан чыкпайын.

    КАЙЫРМА

    Оо, Жахаба, өзүңдү алкаймын,

    Ырымды сунам сага.

    Өкүмдарым, түбөлүк Кудайым,

    Сага таазим кыламын,

    Сени аалам даңктасын!

  3. 3. Кооз табияттын койнунда,

    Ачык асман астында,

    Даамын сүйүүңдүн татканда,

    Жан дүйнөм туйлайт кубана.

    Кудурет, көрк, акылмандык

    Көрүнөт табияттан.

    Анан кантип даңктабайын,

    Сени ааламды жараткан?

    КАЙЫРМА

    Оо, Жахаба, өзүңдү алкаймын,

    Ырымды сунам сага.

    Өкүмдарым, түбөлүк Кудайым,

    Сага таазим кыламын,

    Сени аалам даңктасын!