Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Токтоп, кере дем ал

Токтоп, кере дем ал

Жүктөп алуу

  1. 1. Достор менен от жактык жылдыздар чыкканда.

    Түйшүктү унутуп, бирге чогулдук табияттын койнунда.

    Ушундай белек берген Жахаба Атабыз.

    Сүйүүсү жөнүндө терең ой жүгүртсөк, болобуз ыраазы.

    КАЙЫРМА

    Жайлатып басыгыңды, токтоп тыным ал.

    Көңүл бур суктанткан кооздукка.

    Алаксып бир саамга, көз чаптыр айланага.

    Жан сергитип,

    Токтоп, кере дем ал.

  2. 2. Айдын шооласы тийгенде түн жамынган токойго

    Жахаба мол берген теңдешсиз белектер жүрөгүбүздү козгойт.

    Карарып баткан түндүн да агарган таңы бар,

    Анткени Жахаба кыйын учурларда алат кучагына.

    КАЙЫРМА

    Жайлатып басыгыңды, токтоп тыным ал.

    Көңүл бур суктанткан кооздукка.

    Алаксып бир саамга, көз чаптыр айланага.

    Жан сергитип,

    Токтоп, кере дем ал.

    Токтоп, кере дем ал.

    Кере дем ал.

    КАЙЫРМА

    Жайлатып басыгыңды, токтоп тыным ал.

    Көңүл бур суктанткан кооздукка.

    Алаксып бир саамга, көз чаптыр айланага.

    Жан сергитип,

    Токтоп, кере дем ал.

    АЯГЫ

    Ар бир көз ирмем — баалуу белек

    Жахаба берген.

    Ар бир көз ирмем — баалуу белек,

    Аны баркта. Жан сергитип,

    Токтоп, кере дем ал.