Бир үй-бүлөбүз
Жүктөп алуу
1. Миңдеген чакырым учуп,
Келип кондук чет өлкөгө.
Сапарыбызды Жахаба колдоп,
Бөлөндүк сүйүүсүнө.
Оңой болбосо да кызматыбыз,
Жан дилден аткарабыз.
Чыныгы сүйүүгө чулганып баарыбыз,
Бир үндөн ырдайбыз.
КАЙЫРМА
Жахабанын элибиз,
Биримдүү чоң үй-бүлөбүз.
Алыс жакта жашасак да,
Сүйөбүз.
Бир үй-бүлөбүз.
2. Меймандос болуп баарыңар,
Кубанып тосуп алдыңар.
Музыка ойноп, жыйын башталды,
Жүрөк толкуп-ташыды.
Кудайдын элинин биримдиги —
Жахаба берген бата.
Андыктан баарыбыз даңктайбыз Жахабаны
Каякта жүрсөк да.
КАЙЫРМА
Жахабанын элибиз,
Биримдүү чоң үй-бүлөбүз.
Алыс жакта жашасак да,
Сүйөбүз.
Бир үй-бүлөбүз.
3. Деңиздин ары жагына,
Бөтөн жерге учуп бардык.
Кудайдын сөзүн айтканыбызда,
Жакшы кабыл алышты.
Көрсөтүп сүйүүсүн бир туугандар,
Жүрөгүн кенен ачышты.
Каякта жүрсөк да, алыста болсок да,
Сүйөбүз аларды.
КӨПҮРӨ
Бизди сүйгөн
Үй-бүлөбүз бар каякка барсак да,
Түндүк, түштүк тарапта,
Чыгышта, батышта да.
КАЙЫРМА
Жахабанын элибиз,
Биримдүү чоң үй-бүлөбүз.
Алыс жакта жашасак да,
Сүйөбүз.
Бир үй-бүлөбүз.
Ар улуттан болсок да,
Биримдүү чоң үй-бүлөбүз.
Сүйүү байкалат баарына,
Анткени Кудайдын элибиз.
Түркия, Польша жана Аргентина,
Греция, Мексика, Казакстан,
Азербайжан, Кыргызстан, Украина —
Баарыбыз бир үй-бүлөбүз.