Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Доспуз кайрадан

Доспуз кайрадан

Жүктөп алуу

  1. 1. Таарынычым көптөн бери

    Оор жүк сымал жанды кыйнайт.

    Бирок билем бул туура эмес,

    Чыныгы дос андай кылбайт,

    Кек сактабайт.

    КАЙЫРМА

    Демилгени колго алып,

    Биринчи кадам таштайын.

    Таарынычты сууга салып,

    Досум менен жарашайын.

  2. 2. Башкалардын каталары

    Катуу тийип сыздатса да,

    Жахабадан үлгү алып,

    Сүйүү менен кечире алам,

    Унута алам.

    КАЙЫРМА

    Демилгени колго алып,

    Биринчи кадам таштайын.

    Таарынычты сууга салып,

    Досум менен жарашайын.

    КӨПҮРӨ

    Аракет кылам,

    Өзүм барам создуктурбай.

    Экөөбүз кайрадан

    Дос болобуз мурдагыдай.

  3. 3. Кудай бизди жакшы көрөт,

    Дос болсун дейт түбөлүккө.

    Ошондуктан мындан ары

    Уялатпайм жүрөгүмдө

    Таарынычты.

    КАЙЫРМА

    Демилгени колго алып,

    Биринчи кадам таштайын.

    Таарынычты сууга салып,

    Досум менен жарашайын.

    Досум менен жарашайын

    Көп создуктурбай.