Ишеничиң актайм
Жүктөп алуу
1. Кээде ар кандай
Мүшкүл түшөт башыбызга.
Эгер билсек баарын алдын ала,
Кылат белек биз башкача?
Көз салат Жахаба,
Жүрөктү билет ал гана.
Тартуулайбыз кубаныч Жахабага
Жүрсөк биз анын жолунда.
КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ
Кудай баарын баалайт,
Шык-жөндөмү, талантына карабайт.
Бизди да өзүндөй
Күйүмдүү болсун деп каалайт.
КАЙЫРМА
Сен досумсуң мен үчүн күйгөн.
Бирге ыйлаган, күлгөндө, күлгөн.
Мен дагы
Башыңа иш түшкөндө, жөлөп таяйм.
Достугумду сактайм,
Ишеничиң актайм.
2. Ыйлап жаткандардын
Кайгысын тең бөлүшөбүз.
Бирок кээде сөз ордуна жаш чыгып,
Үн-сөзү жок сүйлөшөбүз.
КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ
Мүңкүрөп калганда,
Күч-кубат берип, тургузат Жахаба.
Биз да жамандыкта
Жардам берели башкага.
КАЙЫРМА
Сен досумсуң мен үчүн күйгөн.
Бирге ыйлаган, күлгөндө, күлгөн.
Мен дагы
Башыңа иш түшкөндө, жөлөп таяйм.
Достугумду сактайм,
Ишеничиң актайм.
КАЙЫРМА
Сен досумсуң мен үчүн күйгөн.
Бирге ыйлаган, күлгөндө, күлгөн.
Мен дагы
Башыңа иш түшкөндө, жөлөп таяйм.
Достугумду сактайм,
Ишеничиң актайм.