Сенин Сөзүң түбөлүккө калат
Жүктөп алуу
1. Бардыгын жараткан
Кудайды кастарлашкан.
Сүйүүсүнө чулгаган
Теңирге алкыш айтышкан.
Ысымыңды ачтың,
Кызматты сен тапшырдың.
Сөзүңдү сактап келдиң,
Ал аркылуу жетек бересиң.
Жалындап келишкен,
Сага жакшысын беришкен.
Ыйык Сөзүң бердиң бир өзүң,
Жаздырдың берип зор күчүң.
КАЙЫРМА
Сенин Сөзүң керемет.
Түбөлүк жашап келет.
Кабарың сергитет, баарына күч берет.
Жүрөгүм Өзүңө баш иет.
2. Душмандар аракет кылса да,
Жеткен жок максатка.
Күч бергенсиң кулдарыңа
Берилгендик сактаганга.
Сактап калыш үчүн Сөзүңдү
Аяшкан эмес өмүрдү.
Кынтыксыз болушкан, тынымсыз жарлашкан,
Ар бир сөзүңдү баалашкан.
КАЙЫРМА
Сенин Ыйык Сөзүң керемет.
Түбөлүк жашап келет.
Кабарың сергитет, баарына күч берет.
Жүрөгүм Өзүңө баш иет.
3. Ысымыңды ачтың, оо, Жахаба.
Жар салынды баарына.
Ал түбөлүк калат.
Эркиң аткарылат.
Даңктайбыз биз өмүр бою.
КАЙЫРМА
Сенин сөздөрүң керемет.
Түбөлүк жашап келет.
Кабарың сергитет, баарына күч берет.
Жүрөгүм Өзүңө баш иет
Өмүр бою.