Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзгөртөм багытымды

Өзгөртөм багытымды

Жүктөп алуу

  1. 1. Көп ойлонуп жүрөм

    Акыркы маалда.

    Бараткан жокмунбу

    Көнүп калган нугумда?

    Ойлогон жокмунбу өз ыңгайымды?

    Балким, жакшыртышым керектир

    Кылган кызматымды.

    КАЙЫРМА

    Мен бүгүнтөн баарын жаңы баштаймын.

    Жашоомдо башка барак ачамын.

    Жахаба жолду көрсөттү мага.

    Өзгөртөм багытты таянып ага.

  2. 2. Башында корксом да,

    Багынган жокмун.

    Өзгөртүп оюмду

    Сергидим, күчкө толдум.

    Мен татып көрдүм даамын кызматтын.

    Кенен ачылган эшиктерди

    Мурун байкабаптырмын.

    КАЙЫРМА

    Мен бүгүнтөн баарын жаңы баштаймын.

    Жашоомдо башка барак ачамын.

    Жахаба жолду көрсөттү мага.

    Өзгөртөм багытты таянып ага.

    КӨПҮРӨ

    Кыла албайм эч качан

    Деп ойлоп жүрө бергем.

    Мүмкүн экен бардыгы

    Кадам шилтесең.

    Коркпой алга умтулуп,

    Ээ болдум мол батага.

    Дагы сонун күндөр болот

    Шектенбейм буга.

    КАЙЫРМА

    Ар бир күндү баштайм жаңы барактан,

    Жакшыра берем, тынбай умтулам.

    Жахаба туура жолду көрсөттү.

    Таянганым үчүн батасын төктү.

    КАЙЫРМА

    Мен бүгүнтөн баарын жаңы баштаймын.

    Жашоомдо башка барак ачамын.

    Жахаба жолду көрсөттү мага.

    Өзгөртөм багытты.

    КАЙЫРМА

    Мен бүгүнтөн баарын жаңы баштаймын.

    Жашоомдо башка барак ачамын.

    Жахаба жолду көрсөттү мага.

    Өзгөртөм багытты таянып ага.

    Таянып ага.