Акай 1:1—15
1 Дарий падышанын башкаруусунун экинчи жылында+, алтынчы айдын биринчи күнүндө Жахаба Акай+ пайгамбар аркылуу Жүйүттүн башкаруучусу+ Шалтиелдин+ уулу Зоробабылга+ жана Жеосадактын+ уулу башкы дин кызматчы Жашыяга+ мындай деди:
2 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+ мындай дейт: „Бул эл: “Жахабанын үйүн курганга али убакыт келе элек”,— деп жатат“»+.
3 Анан Жахаба Акай пайгамбар аркылуу дагы мындай деди:
4 «Бул үй урап жатса+, өзүңөрдүн жыгач менен кооздолгон үйлөрүңөрдө жашай турган убакпы?+
5 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Жүргөн жолуңар жөнүндө ойлонуп көргүлөчү+.
6 Силер көп үрөн сээп, аз түшүм алып жатасыңар+. Жеп жатасыңар, бирок тойгон жоксуңар+, ичип жатасыңар, бирок моокумуңар канган жок*, кийинип жатасыңар, бирок жылыган жоксуңар. Жалданып иштегендер тапкан акчасын түбү тешик капчыкка салыш үчүн иштеп жатышат“»+.
7 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Жүргөн жолуңар жөнүндө ойлонуп көргүлөчү“+.
8 „Тоого чыгып, жыгач алып келгиле да+, мен ыраазы боло тургандай+, мен даңктала тургандай+ үй кургула“+,— дейт Жахаба».
9 «„Силер мол түшүм алабыз деп күткөнсүңөр, бирок аз эле түшүм алдыңар+. Аны үйүңөргө алып келгенде, мен аны үйлөп+, чачып салдым. Эмне үчүн?+ — дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Анткени менин үйүм урап жатса, ар кимиңер өз үйүңөр үчүн чуркап жүрөсүңөр+.
10 Ошондуктан үстүңөрдөгү асман шүүдүрүм бербей калды, жер да түшүм бербей калды+.
11 Мен жерге, тоолорго, эгинге, жаңы шарапка+, майга, жерден өсүп чыккан нерсенин бардыгына, ошондой эле адамга, үй жаныбарларына, силер эмнеге күч жумшасаңар, ошонун баарына кургакчылык жибердим“»+.
12 Ошондо Шалтиелдин уулу Зоробабыл+, Жеосадактын+ уулу башкы дин кызматчы Жашыя жана калган элдин баары Жахаба Кудайынын сөзүнө, ошондой эле Жахаба Кудайы жиберген Акай+ пайгамбардын сөзүнө кулак салышты+. Бүт эл Жахабадан корко баштады+.
13 Жахабанын кабарчысы+ Акай Жахабанын буйругу боюнча элге+: «„Мен силер менен болом“+,— дейт Жахаба»,— деди.
14 Жахаба Жүйүттүн башкаруучусу Шалтиелдин уулу Зоробабылга, Жеосадактын уулу башкы дин кызматчы Жашыяга+ жана калган элдин баарына түрткү бергендиктен+, алар өздөрүнүн Кудайынын, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын, үйүнө барып, иштей башташты+.
15 Бул Дарий падышанын башкаруусунун экинчи жылында+, алтынчы айдын жыйырма төртүнчү күнү болду.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «мас болгон жоксуңар».