Амос 3:1—15
3 «Оо, Ысрайыл уулдары, Жахабанын силер тууралуу айткан сөзүн уккула+. Мен Мисир жеринен алып чыккан элим+ тууралуу мындай дейм:
2 „Мен жер жүзүнүн бардык элдеринин арасынан+ силерди гана тааныйм+. Ошон үчүн силерди бардык кылмыштарыңар үчүн жоопко тартам+.
3 Макулдашып алып жолугушпаса, эки киши бирге жолго чыгабы?+
4 Жемин көрбөсө, токойдогу арстан арылдайбы?+ Эч нерсе кармабаса, жалдуу жаш арстан жашынып жаткан жеринен үн чыгарабы?
5 Тузак тартылбаса, куш түшөбү?+ Эч нерсе түшпөсө, тузак жерден көтөрүлөбү?
6 Шаарда мүйүз сурнай тартылса, эл титиребей коёбу?+ Жахаба жибербесе, шаарды кырсык басабы?
7 Анткени Эгедер Теңир Жахаба өзүнүн кызматчыларына — пайгамбарларга — купуя сырын ачпай туруп эч нерсе кылбайт+.
8 Арстан арылдаса, ким коркпойт?+ Эгедер Теңир Жахаба өзү айтса, ким пайгамбарлык кылбайт?“+
9 „Азоттогу мунаралуу чептен, Мисирдеги мунаралуу чептен мындай деп жар салгыла+: “Самариянын тоолоруна каршы чыгуу үчүн чогулгула+, андагы баш аламандыктын, алдамчылыктын канчалык кулач жайганын көргүлө+.
10 Алар туура иш кылууну билишпейт+, андыктан мунаралуу чебин зомбулукка, талап-тоноочулукка толтуруп жатышат”,+— дейт Жахаба“.
11 Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Жерди душман курчап алды+. Ал сени алдан тайдырып, мунаралуу чебиңди талап-тоноп кетет“+.
12 Жахаба мындай дейт: „Койчу эки шыйракты же кулактын жартысын арстандын оозунан жулуп алгандай+, Самарияда кымбат төшөктөрдө+, Дамасктын сөөрүсүндө+ отурган Ысрайылдын уулдары да жулунуп алынат“.
13 Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Жакыптын үйүндө уккула да, күбөлөндүргүлө+.
14 Себеби ошол күнү мен Ысрайылды козголоңу үчүн, Бейтелдеги курмандык жайлары үчүн+ жоопко тартам+. Курмандык жайынын мүйүздөрү кыя чабылып, жерге түшөт+.
15 Мен кышкы үйдү+ жайкы үй+ менен кошо кыйратам“,— дейт.
„Пилдин сөөгү менен кооздолгон үйлөр+ талкаланат, көп үйлөр жок болот“+,— дейт Жахаба».