Амос 5:1—27
5 «Оо, Ысрайыл үйү, силер жөнүндө кошок кошуп+ айткандарымды уккула:
2 „Ысрайыл аттуу кыз+ өз жеринде жыгылып+,
Ордунан тура албай жатат+.
Аны баары таштап кетти,
Аны тургузар эч ким жок“+.
3 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ысрайыл үйүндө мындай болот: миң кишиси согушка кеткен шаарда жүз киши калат, жүз кишиси согушка кеткен шаарда он киши калат“+.
4 Жахаба Ысрайыл үйүнө мындай дейт: „Мени издегиле+, ошондо тирүү каласыңар+.
5 Бейтелди+ издебегиле, Гилгалга+ барбагыла, Беир-Шебага бет албагыла+. Анткени Гилгал сөзсүз туткунга айдалат+, Бейтел сыйкырчылыкка толгон жерге айланат+.
6 Жусуптун үйү+, Жахабаны издегиле, ошондо тирүү каласыңар+. Ал оттой жалмап кетпеши үчүн+, Бейтелде алоолонгон от өчүрүлгүс болбошу үчүн+, аны издегиле,
7 адилеттикти эрменге айланткандар+, адилдикти жерде калтыргандар+.
8 Ал — Кима топ жылдызынын+, Кесил+ топ жылдызынын*+ Жаратканы. Ал коюу түндү+ таңга айлантат, күндү түндөй капкараңгы кылат+. Деңиздин суусун чакырып, жер бетине каптатат+. Анын ысмы — Жахаба+.
9 Ал кубаттууну бир заматта ойрон кылат, чептүү жерлерди ээн калтырат.
10 Алар дарбазанын жанында ашкерелеген кишини жаман көрүшөт+, чындыкты айткан кишини жек көрүшөт+.
11 Силер бей-бечарадан ижара акысына түшүмүн, салыкка данын алганыңар үчүн+, жылмаланган таштан үйлөрдү салсаңар да+, ал үйлөрдө жашабайсыңар, сонун жүзүмзарларды өстүрсөңөр да, шарабын ичпейсиңер+.
12 Себеби, адил адамдарга кас болуп+, ооз басырыкка акча алып+, бей-бечараларды дарбазадан куугандар+, мен силердин козголоңуңардын+ канчалык көп экенин, күнөөлөрүңөрдүн канчалык оор экенин билем+.
13 Ал учур алаамат учуру болгондуктан+, эстүү киши унчукпайт.
14 Өлбөшүңөр үчүн+, жамандыкты эмес, жакшылыкты издегиле+, ошондо, өзүңөр айткандай, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба силер менен болот+.
15 Жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты жакшы көргүлө+. Дарбазанын жанында адилеттикке орун бергиле+. Балким, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба Жусуптун калдыгына+ ырайым кылар“+.
16 Жахаба, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейт: „Эл шаардын бардык аянттарында боздойт+, бардык көчөлөрдө онтойт. Алар дыйкандарды аза күтүүгө+, кошокчуларды кошок кошууга чакырышат“+.
17 „Бардык жүзүмзарларда боздошот+, анткени мен силердин араңардан өтөм“+,— дейт Жахаба.
18 „Жахабанын күнүн күткөндөрдүн башына каран түн түшөт!+ Жахабанын күнү силерге эмне алып келмек эле?+ Ал күн жарык эмес, караңгылык болот+.
19 Ал күнү арстандан качып кутулган адамдын алдынан аюу чыккандай же үйүнө кирип, дубалга таянса, жылан чагып алгандай болот+.
20 Жахабанын күнү жарык эмес, караңгылык болот. Жаркыраган күн эмес, коюу түн болот+.
21 Мен силердин майрамдарыңарды четке кагам+, жек көрөм. Салтанаттуу жыйындарыңарда чалган курмандыктарыңардын жытынан жийиркенем+.
22 Мага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып+, тартуу алып келсеңер да, сүйүнбөйм+. Тынчтык курмандыгы катары чалган семиз малыңарга карап да койбойм+.
23 Кулактын кужурун алган ырыңарды мага угузбагыла. Кыл аспаптарыңардын мукам үнүн уккум келбейт+.
24 Адилеттик суудай+, адилдик соолубас дайрадай аксын+.
25 Оо, Ысрайыл үйү, кырк жыл бою чөлдө жүргөндө мага курмандык чалдыңар беле, тартуу алып келдиңер беле?+
26 Силер өзүңөргө жасап алган жылдыз-кудайларыңарды: падышаңар+ Сакут менен Кайбанды көтөрүп жүрөсүңөр+.
27 Мен силерди Дамасктан ары айдап жиберем“+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы, Жахаба деген ысымдын ээси»+.