Аюп 17:1—16
17 Мен алдан-күчтөн тайдым+, күндөрүм өчүп баратат,
Мени көрүстөн күтүп турат+.
2 Баарына шылдың болдум+,
Алардын козголоңун күнүгө көрөм.
3 Мен үчүн өзүң кепилдик бере көр+,
Сенден башка ким мени менен кол алышып+, кепил болот?
4 Сен алардын жүрөгүн жаап, эстүүлүк берген жоксуң+,
Ошон үчүн алардын зоболосу көтөрүлгөн жок.
5 Андай киши жолдошторуна өз үлүшүн бөлүп алууну сунуш кылат,
Ал эми өз балдарынын көзүнүн оту өчөт+.
6 Кудай мени элге ылакап кылды+,
Алар бетиме түкүрүп жатышат+.
7 Кайгыдан көзүм тунарды+,
Бүткөн боюм көлөкөдөй болуп калды.
8 Муну чынчылдар көрүп таң калышат,
Айыпсыздар Кудайдан четтегендерге ачууланышат.
9 Адил адам өз жолунан чыкпайт+,
Колу таза+ кишинин күчүнө күч кошулат+.
10 Силер болсо сөзүңөрдү уланта бергиле, токтобогула,
Бирок, байкашымча, араңарда бир да акылман жок экен+.
11 Күндөрүм өттү+, ой-максатым ойрон болду+,
Жүрөгүмдүн самаганы ишке ашпай калды.
12 Алар: „Караңгылыктын артынан жарык келет“ — деп,
Күндү түнгө алмаштырып жатышат+.
13 Эгер күтө берсем, көр* менин үйүмө айланат+,
Төшөгүмдү караңгылыкка салам+.
14 Аңга+: „Сен атамсың!“ — дейм,
Куртка+: „Сен энемсиң, эжемсиң!“ — дейм.
15 Анда менин үмүтүм кайда?+
„Мунун үмүтү бар“,— деп ким айта алат?
16 Ал үмүт көргө* түшүп,
Мени менен бирге топуракка кетет»+.