Аюп 18:1—21

18  Шуахтын тукумунан чыккан Билдат мындай деп жооп берди:  «Сөзүңөрдү качан токтотосуңар? Иштин жайын түшүнгүлө, анан сүйлөшөбүз.  Эмне үчүн биз айбан катары эсептелип+, Көз алдыңарда арам деп саналышыбыз керек?  Сен ачууланып, өз жаныңды тыткылап жатасың. Сен үчүн жер ээн калабы? Же аска-зоо ордунан козголобу?  Ыймансыздын жарыгы өчөт+, Отунан учкун чыкпайт.  Анын чатырында жарык караңгылап+, Чырагы өчөт.  Ишенимдүү таштаган кадамдары тарыйт, Ой-максаты өзүн курутат+.  Буту менен торго илинет, Түз барып тузакка түшөт+.  Согончогу менен капканга түшөт+, Кылтакка илинет+. 10  Ал үчүн жерге сыйыртмак жашырылат, Жолуна тузак коюлат. 11  Аны бардык тарабынан коркунуч каптайт+, Артынан сая түшүп кубалайт. 12  Ачкадан алы кетет, Аны аксатууга кырсык+ даяр турат. 13  Өлүмдүн туңгучу* терисин жейт, Дене мүчөлөрүн мүлжүйт. 14  Таянычы чатырынан түп-тамыры менен жулунат+, Өзү болсо коркунучтар падышасына алып барылат. 15  Анын чатырында өзүнөн башканын баары жашайт, Турак жайына күкүрт чачылат+. 16  Түбүндөгү тамыры кургап+, Үстүндөгү шактары куурап калат. 17  Жер үстүндө аны эч ким эстебейт+, Көчөдөн аты угулбайт. 18  Аны жарыктан караңгылыкка түртүп, Берекелүү жерден кууп жиберишет. 19  Элинин арасында балдары да, урпактары да болбойт+, Келгин катары жашаган жеринде эч ким аман калбайт. 20  Ал ойрон болгон күнү батыштагы эл таң калат, Чыгыштагы эл селт этет. 21  Мына, кыянаттык кылгандын чатырлары, Кудайды тааныбагандын орду ушундай болот».

Шилтемелер

Же: «Эң коркунучтуу оору».