Аюп 21:1—34
21 Аюп мындай деп жооп берди:
2 «Сөзүмдү кунт коюп уккула,
Көңүлүмдү жубатканыңар ошол болсун.
3 Сүйлөп бүткөнүмчө, чыдап койгула,
Сөзүмдүн аягына чыгайын, анан шылдыңдай бергиле+.
4 Мен тынчсызданганымды адамга айтып жатыптырмынбы?
Болбосо чыдап отура алат белем?
5 Жүзүңөрдү мага буруп, таң кала карагыла,
Колуңар менен оозуңарды жапкыла+.
6 Башыман өткөндү эстегенде тынчым кетет,
Бүткөн боюмду калтырак басат.
7 Эмне үчүн ыймансыздар жашап жүрөт+,
Эмне үчүн алардын жашына жаш, байлыгына байлык кошулат?+
8 Урпактары ар убак кашында,
Тукуму дайыма көз алдында.
9 Турак жайы тынч, коркунучтан тыш+,
Кудайдын таягы алардан алыс.
10 Алардын букасы уругун бекер агызбайт,
Ую тууйт+, музоо салбайт.
11 Жаш балдарын малды жайытка чыгаргандай чыгарышат,
Уулдары так секирип, оюн салышат.
12 Дап менен, арфа менен ырдап+,
Чоордун коштоосунда көңүл ачышат.
13 Күндөрүн шаттык менен өткөрүшөт да+,
Бир заматта көргө* түшүшөт.
14 Алар чыныгы Кудайга: „Бизди жайыбызга кой!+
Жолдоруңду билгибиз келбейт+,
15 Кудурети Күчтүүгө кызмат кылгыдай, ал ким экен?!+
Ага кайрылганыбыздан эмне пайда?“ — дешет+.
16 Бирок алардын жыргалчылыгы өздөрүнүн колунда эмес+;
Ыймансыздардын ой-максаты менден алыс+.
17 Ыймансыздардын чырагы качан өччү эле+,
Алардын башына качан мүшкүл түшчү эле,
Кудай аларга каарданып, качан кыргын салчу эле?+
18 Алар шамал сапырган самандай+,
Куюн учурган топондой болчу беле?
19 Кудай адамдын кара санатайлыгын анын уулдарына сактайт+,
Түшүнсүн деп, ага тиешесин берет+.
20 Ал өзүнүн куураганын өз көзү менен көрөт,
Кудурети Күчтүүнүн каарын ичет+.
21 Айларынын саны эки эсе азайып+,
Көзү өткөн соң, үйүндөгүлөрүнүн убайын көрөбү?
22 Кудай бийик даражалууларды соттоп жатса+,
Ал Ага акыл үйрөтмөк беле?+
23 Андай киши эч нерседен өксүбөй,
Бейкапар, санаасы тынч бойдон өлөт+.
24 Белин май басып,
Сөөгүнүн чучугу кургай электе көз жумат.
25 Башкасы жаны ачып жүрүп,
Жакшылыктын даамын татпай жүрүп өтөт+.
26 Экөө тең топуракка жатып+,
Курт жамынат+.
27 Мен силердин оюңарды,
Мага кыянаттык кылуу үчүн ойлогон амалыңарды билип турам+.
28 Себеби силер: „Тектүү кишинин үйү кайда,
Ыймансыздардын чатыры, турак жайы кайда?“ — деп жатасыңар+.
29 Жол жүрүп келгендерден сурап көргөн эмес белеңер?
Алардын айткандарын талдаган эмес белеңер?
30 Алаамат баскан күнү ыймансыздын аман калып+,
Каар төгүлгөн күнү куткарылып жатканын уккан эмес белеңер?
31 Жолунун жаңылыштыгын ким бетине айта алат+,
Кылган иштери үчүн ага ким тиешесин берет?+
32 Аны көрүстөнгө алып барышат+,
Мүрзөсүнүн үстүнө сакчы коюшат.
33 Ага өзөндүн топурагы таттуу сезилет+,
Ал артынан бүт адамзатты ээрчитип кетет+,
Анын алдында кеткендерге да сан жетпейт.
34 Силер мени сооротууга бекер эле убара болуп жатасыңар+;
Жообуңарга да ишенип болбойт!»
Шилтемелер
^ Евр. шеол. Кара: 8-тирк.