Аюп 23:1—17
23 Буга Аюп мындай деди:
2 «Бүгүн да жанымды коёрго жер таппай турам+,
Үшкүрүгүмдөн улам колумду көтөргөнгө алым жок.
3 Кудайды кайдан табышты билсем кана!+
Анда түз эле турак жайына бармакмын+.
4 Анын алдында доомду айтмакмын,
Оозумду далилдерге толтурмакмын.
5 Мага берген жоопторун түшүнмөкмүн,
Айткандарын талдап көрмөкмүн+.
6 Ал мени менен таймашууга бүт күчүн жумшайт беле?
Жок, мага кулак төшөмөк+.
7 Ал жакта чынчыл киши Кудай менен ишин териштирет,
Мен өкүм чыгаруучунун алдында түбөлүккө акталмакмын.
8 Чыгышка барсам — ал жок,
Кайра келсем — көрүнбөйт+.
9 Эмгектенген жерине, сол тарапка барсам да, ал жок,
Оңго бурулса да, көрүнбөйт.
10 Ал менин кандай жолдо жүргөнүмдү жакшы билет+,
Мени сынаганда, алтындай таза болуп чыгам+.
11 Анын изи менен басам,
Жолунда жүрөм, андан чыкпайм+.
12 Оозунан чыккан осуятынан четтебейм+,
Өзүмөн талап кылынгандан да көптү аткарам+.
13 Анын ою бекем, ага ким каршы чыга алат?+
Жаны эмнени кааласа, ал ошону кылат+.
14 Ал мага байланыштуу ой-ниетин толугу менен аткарат+,
Анын ушундай ойлору сан жеткис.
15 Ошондуктан анын айынан бушайман болдум,
Ойлонуп, андан корктум+.
16 Кудай жүрөгүмдүн үшүн алды+,
Кудурети Күчтүү тынчымды кетирди+.
17 Унчукпай калганым караңгылыктан эмес,
Жүзүмдү коюу түн каптагандан эмес.