Аюп 24:1—25
24 Кудурети Күчтүү сот жүргүзөр убактысын эмнеге белгилеп койгон эмес?+
Аны таанып-билгендер ошол күндөрдү эмне үчүн көрө элек?+
2 Жеринин чек белгилерин жылдыргандар бар+,
Алар оторду тартып алып, кайтарышат.
3 Жетимдердин эшегин айдап кетишет,
Жесирдин букасын күрөөгө алышат+.
4 Жакырларды жолдон чыгарышат+,
Жердин бей-бечаралары жашынышат.
5 Ээн талаадагы зебралардай+ болуп,
Алар азык издеп чыгышат.
Эрме чөл өзүлөрүнө да, уулдарына да нан берет.
6 Алар талаадан малына тоют камдашат,
Ыймансыздын жүзүмүн терип кетишет.
7 Түндү жылаңач, кийимсиз өткөрүшөт+,
Суукта жамынчы жок калышат+.
8 Тоодогу катуу жаандан суу болушат,
Баш калкалаар жай таппай+, аскага корголошот.
9 Ыймансыздар жетимди энесинин көкүрөгүнөн тартып алышат+,
Бей-бечаранын үстүндөгүсүн күрөөгө алышат+.
10 Бей-бечаралар жылаңач, кийимсиз жүрүүгө,
Орулган машактарды ачка ташууга аргасыз болушат+.
11 Түш маалын тектирлерде өткөрүшөт.
Жүзүм сыгуучу жайда жүзүм тебелешет, бирок өзүлөрү суусашат+.
12 Шаардан өлүм алдында жаткандардын онтогону угулуп,
Айыккыс жараат алгандардын жаны жардам сурап жатат+,
Бирок Кудайдын алар менен иши да жок+.
13 Алар жарыкка каршы чыккандардын арасында болушкан,
Жарыктын жолдорун таанып-билишкен эмес+,
Ал жолдордо жүрүшкөн эмес.
14 Киши өлтүргүч таң заардан турат,
Бей-бечараны, жакырды өлтүрөт+,
Түнкүсүн болсо уурулук кылат+.
15 Ойноштук кылып жүргөн+ да күүгүмдү акыйып күтөт+,
Ал: „Мени эч ким көрбөйт“,— деп+,
Жүзүнө жабуу жаап алат.
16 Уурулар караңгыда дубал тешип, үйлөргө киришет,
Күндүзү кулпуланып алышат,
Күндүн жарыгын билишпейт+.
17 Аларга таңкы маал коюу түндөй сезилет+,
Анткени коюу түндүн коркунучун билишет.
18 Аларды заматта суу агызып кетет,
Жердеги үлүштөрүнө каргыш тиет+;
Жүзүмзарга кеткен жолго бурулушпайт.
19 Кургакчылык менен аптап эриген кардын суусун жуткандай,
Көр* да күнөөкөрдү жутат!+
20 Аны жатын унутат, курт тамшанып жейт+,
Экинчи эч ким эстебейт+,
Ыймансыздык дарактай сындырылат+.
21 Ал согончогу канабаган төрөбөс аял менен,
Жесир менен байланышат+, бирок ага жакшылык кылбайт.
22 Кудай күчтүүлөрдү күчкө салып алып кетет,
Ыймансыз ордунан турат да, өзүнүн тирүү калар-калбасын билбейт.
23 Кудай анын кубаттанып+, өз күчүнө таянышына жол берет,
Көзү ыймансыздардын жолдорун көрүп турат+.
24 Алар бир азга гана баш көтөрүшөт да, жок болушат+,
Басынтылышат+, башкалардай эле үзүлүшөт,
Машак сыяктуу орулушат.
25 Мына, эми мени ким калпычы дей алат,
Сөзүмдү ким жокко чыгара алат?»
Шилтемелер
^ Евр. шеол. Кара: 8-тирк.