Аюп 28:1—28
28 Күмүштү таба турган жер бар,
Алтынды эрите турган жай бар+.
2 Темир жерден алынат+,
Жез таштан эритилет.
3 Адам караңгылыкты жоёт,
Караңгыда, коюу түндө
Жер астынан таш издейт+.
4 Калктуу конуштардан алыс аймактардан+,
Эч кимдин буту баспаган, унутулган жерлерден кен казат.
Ажалдуу адамдар жер астына түшүп, абада илинип турушат.
5 Жерден азык чыгат+,
Анын асты от менен омкорулгандай.
6 Таштарынын арасынан сапфир табылат+,
Анда алтын кум да бар.
7 Ал жолду жырткыч куш билбейт+,
Аны кара айры куйрук+ көргөн эмес.
8 Айбаттуу жапайы жаныбарлар тепсеген эмес,
Жаш арстан үстүнөн баскан эмес.
9 Адам оттук ташка колун сунат,
Тоолорду түп-тамыры менен омкорот.
10 Аскаларга суу өткөөлдөрүн салат+,
Анын көзү бардык байлыктарды көрүп турат.
11 Ал суулар агып чыккан жерлерди бекитет+,
Катылган нерсени жарыкка чыгарат.
12 Ал эми акылмандык кайдан табылат?+
Түшүнүк кайда?
13 Анын наркын ажалдуу адам билбейт+,
Ал тирүүлөрдүн жеринен табылбайт.
14 Суу туңгуюктары:
„Менде эмес!“ — деп айтат,
Деңиз да: „Бул жакта жок!“ — дейт+.
15 Ал таза алтынга алмаштырылбайт+,
Баасы күмүш менен өлчөнбөйт.
16 Опир алтынына да+,
Оникс ташына да, сапфирге да сатылбайт.
17 Алтын менен айнек ага тең келбейт,
Ал таза алтындан жасалган идишке алмаштырылбайт.
18 Ага маржан+ менен тоо хрусталы тең келбейт,
Акылмандык берметтен кымбат+.
19 Ага Куш* топазы+ тең келбейт,
Ал таза алтынга да сатылбайт.
20 Анда акылмандык кайдан келет?+
Түшүнүк кайда?
21 Ал тирүүлөрдүн көзүнөн жашырылган+,
Асмандагы канаттуулардан катылган.
22 Кыйроо жайы менен өлүм:
„Ал жөнүндө өз кулагыбыз менен укканбыз“,— дешет.
23 Анын жолу Кудайга гана белгилүү+.
Орду бир гана Ага маалым.
24 Анткени Ал жерди учу-кыйырына чейин карап турат+,
Асман астындагынын бардыгын көрүп турат.
25 Ал шамалга салмак берет+,
Сууларды ченем менен өлчөйт+.
26 Жамгырга буйрук бергенде+,
Күркүрөгөн кара булутка жол ачканда,
27 Акылмандыкты көрүп, ал жөнүндө айта баштады,
Аны даярдады, изилдеди.
28 Ал адамга мындай деди:
„Жахабадан коркуу — мына ошол акылмандык+,
Жамандыктан алыс болуу — түшүнүк“»+.
Шилтемелер
^ Эфиопия.