Аюп 29:1—25

29  Анан Аюп кайрадан ылакап менен сүйлөп, мындай деди:  «Оо, эбак өткөн айлардагыдай+, Кудай мени коргогон күндөрдөгүдөй болсом кана+.  Ошондо анын чырагы башыма жарык берип турчу, Караңгыда анын жарыгы менен жүрчүмүн+.  Күлгүн курагымдагыдай болсом кана+, Ал кезде чатырымда Кудай менен ынак мамиледе болчумун+.  Ошондо Кудурети Күчтүү мени менен болчу, Кызматчыларым мени тегеректеп турчу.  Жолдорумду каймак менен жуучумун, Мага аскадан май агып турчу+.  Шаар дарбазасынын алдына чыкканымда+, Аянттан орун алчумун+.  Мени көргөндө балдар жашына калышчу, Карылар ордунан турушчу+.  Төрөлөр алаканы менен оозун жаап+, Сөзүн токтотушчу. 10  Жол башчылардын үнү басылып, Тилдери таңдайына жабышып калчу+. 11  Уккан кулак мени бактылуу дечү, Көргөн көз мен жөнүндө күбөлөндүрчү. 12  Анткени мен жардамга чакырган байкушту+, Жетим менен таянары жоктордун баарын куткарчумун+. 13  Мага өлүм алдында тургандын батасы тийчү+, Жесирдин жүрөгүн кубантчумун+. 14  Адилдикти кийим кылып кийчүмүн+, Адилеттүүлүгүм чапан менен чалмадай болчу. 15  Сокурга көз+, Аксакка бут болчумун. 16  Жакырларга ата болчумун+, Бейтааныштын сот ишин териштирчүмүн+. 17  Мыйзамсыздын жаагын сындырчумун+, Олжосун тишинен жулуп алчумун. 18  Мен мындай дечүмүн: „Уямда өлөм+, Күндөрүмдү кумдай көбөйтөм+. 19  Тамырым сууга жетет+, Шагымда шүүдүрүм түнөйт. 20  Даңкым соолубайт, Колумдагы жаамды дагы көп жолу атам“. 21  Баары мага кулак салчу, мени күтчү, Кеңешимди үн дебей угушчу+. 22  Мен сүйлөгөндөн кийин, алар сүйлөчү эмес, Аларды сөзүм менен сугарчумун+. 23  Мени жамгырды күткөндөй күтүшчү+, Ооздорун жазгы жамгырга тоскондой ачышчу+. 24  Аларга жылмайсам, ишенишчү эмес, Жүзүмдүн жарыгын өчүрүшчү эмес+. 25  Мен аларга жол тандачумун, башчысы болуп отурчумун, Жоокерлердин арасындагы падышадай жашачумун+, Күйүт тарткандардын сооротуучусундай болчумун+.

Шилтемелер