Аюп 34:1—37
34 Элиу сөзүн мындай деп улады:
2 «Акылдуулар, сөзүмдү уккула,
Билимдүүлөр, мага кулак салгыла.
3 Таңдай тамактын даамын сезгендей эле+,
Кулак сөздү айырмалайт+.
4 Акыйкаттыкты тандайлы,
Эмне жакшы экенин чогуу билели.
5 Анткени Аюп мындай деди: „Меники туура+,
Кудай болсо мени акыйкаттыктан ажыратты+.
6 Мен акыйкаттыгым жөнүндө калп айтамбы?
Кылмыш кылбасам да, жараатым оор, айыккыс“+.
7 Шылдыңды суудай ичкен+
Аюптай адам барбы?+
8 Ал кыянатчыл кишилерге шерик болууга,
Ыймансыздар менен чогуу жүрүүгө бет алды+.
9 Анткени ал: „Кудайдан кубаныч алганынан
Адамга пайда жок“,— деди+.
10 Ошондуктан, акылдуулар+, мени уккула.
Кудай эч качан жамандык кылбайт+,
Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!+
11 Анткени пендесине иштерине жараша тиешесин берет+,
Жүргөн жолдоруна жараша тийиштүүсүн берет.
12 Ооба, Кудай жамандык кылбайт+,
Кудурети Күчтүү акыйкаттыкты бурмалабайт+.
13 Ага жерди ким тапшырган?
Бүт жер жүзүн ага ким табыштаган?
14 Эгер ал кимдир бирөөгө көңүл буруп,
Анын руху менен демин өзүнө алса+,
15 Анда жан бүткөндүн баары өмүрүнөн ажырайт,
Пенде топуракка кайтат+.
16 Эгер түшүнүгүң болсо, мени ук,
Сөздөрүмө кулак сал.
17 Адилеттүүлүктү жек көргөн киши бийлик кылабы?+
Күч-кубаттуу бирөө адил болсо, аны айыпка жыгасыңбы?+
18 Ким падышага: „Сен начар кишисиң“,
Же тектүүлөргө: „Силер ыймансызсыңар“,— дей алат?+
19 Төрөлөргө бет карамалык кылбаган,
Тектүүнү карапайымдан артык көрбөгөн Бирөө бар+,
Анткени баары анын колунан бүткөн+.
20 Алар заматта, түн жарымда+ өлүшөт+,
Эл дүрбөлөңгө түшүп, кырылып калат,
Күчтүүлөр киши колдуу болбой жок болушат+.
21 Анткени Анын көздөрү адамдын жолдорун,
Бардык кадамдарын көрүп турат+.
22 Кыянаттык кылып жүргөндөр жашынгыдай
Караңгылык да, коюу түн да жок+.
23 Адам соттолгону алдына келиши үчүн,
Кудай ага убакыт белгилебейт.
24 Ал күчтүүлөрдү териштирбей эле жок кылат+,
Алардын ордуна башкаларды коёт+.
25 Демек, алардын иштерин билет+,
Аларды түн ичинде кыйроого учуратат, тыптыйпыл кылат+.
26 Ыймансыз кишилердей кылып
Башкалардын көз алдында талкалайт+.
27 Себеби алар анын артынан ээрчибей+,
Жолдорунун бирине да маани бербей калышкан+.
28 Ошондуктан бей-бечаранын муң-зары Кудайга жетет,
Ал кысымга алынгандардын муң-зарын угат+.
29 Эгер ал бейпилдик берсе, аны ким айыптай алат?
Эгер жүзүн жашырса+, аны ким көрө алат?
Элден жашырабы+ же адамданбы, айырмасы жок.
30 Кудайдан баш тарткан киши бийлик жүргүзбөшү үчүн+,
Элге тузак коюлбашы үчүн+ ошондой болот.
31 Кимдир бирөө Кудайга:
„Эч жаман иш кылбасам да, азап чектим+,
32 Көрбөй жаткан нерсем болсо, мени өзүң үйрөт,
Эгер туура эмес иш кылсам,
Аны кайталабайм“,— деп айта алабы?+
33 Анын өкүмүн четке кагып жатканың үчүн,
Ал сага каалаганыңдай сыйлык береби?
Билгениң болсо, айт, анткени өкүмүн четке кагууну мен эмес, өзүң тандадың.
34 Мага акылдуу адамдар+ да,
Мени уккан даанышман да:
35 „Эмне деп жатканын Аюп өзү билбейт+,
Сөздөрүнүн маңызы жок“,— дейт.
36 Оо, ата, арам ойлуу кишилердин арасында берген жооптору үчүн
Аюп акырына чейин сыналса экен+.
37 Себеби ал күнөөсүнө козголоң кошууда+,
Арабызда алакан чаап, чыныгы Кудайга каршы сөзүн көбөйтүүдө!»+