Аюп 35:1—16
35 Элиу сөзүн мындай деп улады:
2 «Ушуну адилеттүүлүк деп эсептейсиңби?
Сен: „Мен Кудайдан да адилмин“,— дедиң+.
3 „Адилдигимен эмне пайда?+
Күнөө кылбасам, андан мага эмне пайда?“ — дейсиң+.
4 Мен сага да,
Жаныңдагы досторуңа+ да жооп берейин.
5 Башыңды көтөрүп, асманды карачы+,
Булуттарга көз чаптырчы+, алар сенден бийик.
6 Эгер күнөө кылсаң, ага кандай зыян келтиресиң?+
Козголоңуң күчөсө, ага каршы эмне кыласың?
7 Эгер сеники туура болсо, ага эмне бере аласың?
Ал сенин колуңан эмне алат?+
8 Ыймансыздыгың өзүңө окшогон кишиге зыян келтирет+,
Адилдигиң адамдарга пайда алып келет+.
9 Көп кысым көрсөтүлгөндүктөн, алар жардам сурап жатышат+,
Күчтүүлөрдүн колунан кутулуш үчүн+ жардамга чакырып жатышат.
10 Бирок эч ким: „Улуу Жаратканым кайда+,
Түнкүсүн ыр берген Кудайым кайда?“ — дебейт+.
11 Ал бизди жер бетиндеги айбанаттардан+ көбүрөөк үйрөтөт+,
Асмандагы канаттуулардан акылман кылат.
12 Ыймансыздардын бой көтөрчөөктүгүнөн улам+
Жардамга чакырышат, бирок ал жооп бербейт+.
13 Анткени Кудай жалгандыкка кулак какпайт+,
Кудурети Күчтүү аны карап да койбойт+.
14 Сен аны көргөн жокмун деп жатсаң, ал ого бетер ошентпейби!+
Сот иши анын алдында, ошон үчүн аны чыдамсыздык менен күтүшүң керек+.
15 Ал каары менен жоопко тартпаган соң+,
Барып турган акылсыздыкка көңүл бурган жок+.
16 Аюп курулай сүйлөп жатат,
Өзү билбей сөзүн көбөйтүп жатат»+.