Аюп 36:1—33
36 Элиу сөзүн мындай деп улады:
2 «Мага бир аз чыдай тур, сага түшүндүрөйүн,
Кудайды коргоп айтар сөзүм али көп.
3 Сөзүмдү алыстан баштайм,
Жаратканымдын адилдигин жарыялайм+.
4 Менин сөздөрүм жалган эмес.
Алдыңда билими жеткилең Бирөө турат+.
5 Мына, Кудай кудуреттүү+, ал адамды четке какпайт,
Анын түшүнүгү эбегейсиз зор.
6 Ал ыймансыздардын бирин да аман калтырбайт+,
Бей-бечараларга болсо адилет өкүм чыгарат+.
7 Адил адамдан көзүн албайт+,
Падышаларды да түбөлүккө такка отургузат+,
Алардын зоболосун көтөрөт.
8 Эгер адил адамдар кишенделсе+,
Кырсыктын аркандары менен байланса,
9 Аларга өздөрүнүн иштери жөнүндө,
Бой көтөрүп кетишкендиктен, кылмыштары жөнүндө айтып берет.
10 Насаат айтыш үчүн кулактарын ачат+,
Жамандыктан баш тартууну буйруйт+.
11 Эгер алар тил алып, ага кызмат кылышса,
Анда күндөрүн жыргалчылыкта,
Жылдарын ырахаттана өткөрүшөт+.
12 Тил алышпаса, жаанын жебесинен+ өлүшөт+,
Билимсиз жок болушат.
13 Кудайдан жүрөгү четтегендер каар топтойт+.
Ал байлап койсо да, жардам сурашпайт.
14 Алардын жаны жаш кезинде өлөт+,
Өмүрлөрү ибадатканадагы бузулган эркектер* менен жок болот+.
15 Ал бей-бечараларды башына түшкөн мүшкүлдөн куткарат,
Кысым көрсөтүлгөндө алардын кулагын ачат.
16 Сени кырсыктын чеңгелинен сактап калат!+
Тар эмес, кенен жерге алып чыгат+,
Дасторкон үстүндө сооротуусу мол болот+.
17 Сен ыймансызга чыгарылган өкүмгө+ канааттанасың;
Өкүм менен адилеттүүлүк биригет.
18 Бирок сак бол: каарга азгырылып+, табалап алакан чаап калба,
Чоң кун+ үчүн түз жолдон чыкпа.
19 Сенин муң-зарың угулабы?+ Жок, кыйынчылык учурунда да угулбайт.
Бүт күчүңдү жумшасаң да, угулбайт+.
20 Түндү самаба,
Эл өз жайына кайткан маалды тилебе.
21 Кыянаттыкка ооп кетпегидей бол+,
Анткени сен аны азап чегүүдөн артык көрөсүң+.
22 Мына, Кудай кудурети менен эбегейсиз зор иштерди жасайт;
Андай насаатчы барбы?
23 Кылган иштери үчүн аны ким жоопко тарта алат?+
Ага: „Сен адилетсиздик кылдың“,— деп ким айта алат?+
24 Эсиңде болсун: сен анын иштерин+,
Эл даңктап ырдаган иштерин даңазалоого тийишсиң+.
25 Алардан бүт адамзат көзүн албайт,
Ажалдуу адам аларды алыстан карап турат+.
26 Карачы, Кудайдын улуулугу акыл жеткис+,
Жылдарынын саны эсепсиз+.
27 Ал суу тамчыларын жогору тартат+,
Алар жамгыр менен туманга айланат.
28 Ошондо булуттардан суу тамчылайт+,
Адамзатка мол төгүлөт.
29 Булут катмарларын,
Анын алачыгынан угулган күркүрөктү ким түшүнө алат?+
30 Карачы, ал ага жарыгын чачат+,
Деңиз түбүн жаап турат.
31 Ушулар аркылуу элдерге болушат+,
Тамак-ашты арбын берет+.
32 Ал чагылганды колуна кармайт,
Ага душмандын үстүнө түшүүнү буйруйт+.
33 Күркүрөгөнү ал жөнүндө жар салат+,
Мал да анын жакындап келатканын сездирет.
Шилтемелер
^ Ибадатканада бузуктукка колдонулган эркектер.