Аюп 37:1—24
37 Ушундан улам жүрөгүм титиреп+,
Кабынан чыгып кете жаздады.
2 Анын күркүрөгөн добушуна+,
Оозунан чыккан үнгө кулак салгыла.
3 Ал аны бүт асман астында жаңыртып,
Чагылганын жердин учу-кыйырына чейин жаркыратат+.
4 Андан соң күркүрөгөн үн угулат,
Ал улуулугунун+ үнү менен күркүрөйт+,
Үнү угулганда, чагылган артынан чагылган коё берет+.
5 Кудай өзүнүн үнү менен кереметтүү күркүрөйт+,
Акылыбыз жетпеген улуу иштерди жасайт+.
6 Ал карга: „Жерге жаа!“ — дейт+,
Жамгырга да, нөшөргө да буйрук берет+.
7 Ажалдуу адамдар Кудайдын иштерин билиши үчүн,
Ал ар биринин колуна мөөр басат.
8 Айбан ийинге кирет,
Жашыруун жерде жатат+.
9 Катуу шамал сакталган жайынан согот+,
Түндүк шамалдары менен суук келет+.
10 Кудайдын деминен муз жаралат+,
Жазы суулар кысылат+.
11 Ал булутту ным менен салмактантат,
Жарыгы булуттарды таратат+.
12 Жер үстүнөн каякка багыттабасын,
Алар өз иштерин аткарыш үчүн анын буйруган жагына бурулат+.
13 Кудай аларды колдонуп жазалайт+ же жерди сугарат+,
Же мээримдүүлүк көрсөтөт+.
14 Буга кулак сал, Аюп,
Токтой тур, Кудайдын кереметтүү иштерине көңүл бур+.
15 Кудайдын аларга качан буйрук бергенин+,
Булуттарынын жарыгын качан жаркыратканын билесиңби?
16 Булуттардын кантип калкып жүрөрүн+,
Билими жеткилең Кудайдын кереметтүү иштерин билесиңби?+
17 Жер түштүктөн соккон желден тынчыганда,
Кийимиң ысыбай коёбу?+
18 Темирден куюлган күзгүдөй катуу кылып,
Аны менен бирге асманды жасай аласыңбы?+
19 Ага эмне деш керектигибизди айтчы,
Караңгылыктан улам сөз таба албай жатабыз.
20 Айткым келген сөздөр ага айтыла бериши керекпи?
Сөздөрүмдү ага бирөө жеткириши керекпи?+
21 Адамдар күндүн бүркөлгөнүнөн жарыкты көрбөйт.
Шамал согуп, асманды тазалаганда,
Асман чайыттай ачылат.
22 Түндүктөн алтындай жаркыраган нур келет,
Кудайдын улуулугу+ сестентет.
23 Биз Кудурети Күчтүүнү таанып-билген жокпуз+;
Ал зор күчкө ээ+,
Ал адилеттүүлүк+ менен адил иштердин+ баасын кемитпейт+.
24 Ошондуктан адамдар андан коркушсун+;
Ал акылдуусунгандардын бирине да көңүл бурбайт»+.