Аюп 38:1—41
38 Ошондо Жахаба катуу шамалдын ичинен+ Аюпка мындай деп жооп берди:
2 «Түркөйлүк менен сүйлөп,
Ой-ниетимди күңүрттөнтүп жаткан бул ким?+
3 Кана, эркектей болуп, белиңди буучу,
Сага суроо берейин, жооп берчи+.
4 Мен жердин пайдубалын салганда, сен кайда элең+,
Түшүнүккө ээ болсоң, айтчы?
5 Анын көлөмүн ким белгилегенин,
Үстүнө ченегич жибин ким тартканын билесиңби?
6 Анын пайдубалы эмнеге орнотулган+,
Бурчка коюлуучу ташын ким койгон?
7 Бардык таңкы жылдыздар+ шаттанганда,
Кудайдын уулдарынын+ баары салтанаттуу үн салганда, сен кайда элең?
8 Жатынды жарып чыккандай ашынган деңизди
Дарбаза менен ким тоскон?+
9 Мен ага булутту кийим кылып кийгизгенде,
Аны коюу караңгылык менен орогондо,
10 Ага көрсөтмө бергенде,
Эшиктери менен бекиткичин орноткондо+,
11 „Ушул жерге чейин келесиң, мындан ары ашпайсың+.
Албууттанган толкундарыңдын жетер чеги ушул болсун“,— дегенде+, сен кайда элең?
12 Өмүрүңдө таңга буйрук берип көрдүң беле+,
Таң нуруна ордун көрсөттүң беле?
13 Жерди учу-кыйырынан кармап,
Үстүнөн ыймансыздарды күбүп таштадың беле?+
14 Ал мөөр басылган чоподой өзгөрөт+,
Бардыгы кийим кийгендей кубулат.
15 Ыймансыздар жарыгынан айрылат+,
Жогору көтөрүлгөн кол сынат+.
16 Сен деңиз башаттарына жеттиң беле,
Суу туңгуюктарын+ изилдегени бардың беле?+
17 Сага өлүм дарбазасы+ ачылды беле?
Коюу түндүн+ дарбазасын көрө аласыңбы?
18 Жер мейкиндиктерин акылыңа сыйдыра аласыңбы?+
Ушунун баарын түшүнсөң, айтчы.
19 Жарыктын турагына барар жол кайда?+
Түндүн түнөгү кайда?
20 Аларды өз чектерине жеткирип,
Үйүнө кеткен жолдорду биле аласыңбы?
21 Ушуларды ошол маалда төрөлгөнүң үчүн,
Көп жашаганың үчүн билесиңби?+
22 Кар сакталган кампаларга кирдиң беле+,
Мөндүр сакталган кампаларды көрдүң беле?+
23 Мен аларды алаамат маалына,
Салгылаш жана согуш күнүнө сактап турам+.
24 Жарыктын таралган жолу кайда,
Чыгыш шамалынын+ жер бети менен жорткон жолу кайда?
25 Кыяндын нугун салган,
Күркүрөгөн кара булутка жол ачкан ким?+
26 Адам баласы жашабаган жерге+,
Пенденин буту баспаган чөлгө жамгыр төктүргөн,
27 Катуу шамалдан бүлгүнгө учураган ээн жерлерди сугарып,
Чөп өстүргөн ким?+
28 Жаандын атасы барбы+,
Шүүдүрүмдүн тамчыларын ким жаратат?+
29 Муз кимдин курсагынан чыгат,
Асман кыроосун+ ким төрөйт?
30 Суулар таш астына жашынгандай жашынат,
Суу туңгуюктарынын бети тоңот+.
31 Кима топ жылдызынын түйүнүн байлай аласыңбы,
Же Кесил топ жылдызынын боолорун чече аласыңбы?+
32 Мазарот топ жылдызын өз маалында чыгара аласыңбы,
Ас топ жылдызын балдары менен башкара аласыңбы?
33 Асман мыйзамдарын билесиңби+,
Анын бийлигин жерге орното аласыңбы?
34 Үнүңдү булуттарга жеткирип,
Ташкындаган сууларды үстүңө каптата аласыңбы?+
35 Чагылганды түшүрө аласыңбы,
Ал келип, сага: „Мен мындамын!“ — дейби?
36 Булут катмарларына акылмандыкты ким берген+,
Асман кубулуштарына түшүнүктү ким салган?+
37 Булуттарды санап чыгууга кимдин акылы жетет,
Асман кумураларын ким көмкөрүп таштай алат?+
38 Ошондо топурак көлкүлдөп ылайга айланат,
Топурактын кесектери бири-бирине жабышат.
39 Сен арстанга олжо кармап бере аласыңбы,
Оңой менен тойбогон жаш арстандарды тойгуза аласыңбы?+
40 Алар жашыруун жерде боортоктоп жатканда+,
Жемин аңдып жатканда, аларды тойгуза аласыңбы?
41 Кузгундун балапандары Кудайга жалбарганда,
Жегенге жем таппай жүргөндө,
Азыгын ким камдап берет?+