Аюп 39:1—30

39  Сен аскаларда жүргөн тоо эчкилеринин тууй турган маалын билесиңби?+ Маралдардын толгоо тартып+, тууп жатканын көрдүң беле?  Алардын канча ай көтөрөрүн эсептеп чыга аласыңбы, Тууй турган маалын билесиңби?  Тууп жатканда алар ийилип-бүгүлөт, Толгоосунан бошонот.  Балдары телчип, талаада чоңоюшат, Бөлүнүп кетишет да, энелерине кайтып келишпейт.  Зебраны+ эркин коё берген ким? Жапайы эшектин жибин чечкен ким?  Аларга ээн талааны үй кылып, Шор жерди турак кылып берген менмин+.  Жапайы эшек шаардын кыжы-кужу түшкөнүнө күлөт, Артынан куугандын кыйкырыгын укпайт+.  Ал тоолордон жайыт издейт+, Көк чөптүн түрлөрүн издеп табат+.  Жапайы бука* сага кызмат кылууга макул болобу+, Сенин акырыңдын жанына түнөйбү? 10  Аны аркан менен байлап, айдоого сала аласыңбы, Ал артыңан ээрчип, түздүктү малалайбы?+ 11  Анын зор күчүнө таянасыңбы, Ишиңди ага ишенип таштап коёсуңбу? 12  Түшүмүңдү кайрып, Кырманыңа жыйып берет деп үмүттөнөсүңбү? 13  Төө куш канатын кубана кагабы, Анын илегилектикиндей канаты, жүнү барбы?+ 14  Ал жумурткаларын жерге таштайт, Кумга жылытат, 15  Аларды бирөөнүн буту басып кетерин Же талаа жаныбары тебелеп кетерин унутуп коёт. 16  Ал өз балапандарын жерип, аларга катаал мамиле кылат+, Аларды ойлоп тынчсызданбагандыктан, мээнети текке кетет. 17  Себеби Кудай ага акылмандыкты унуттурган, Ага түшүнүк берген эмес+. 18  Ал канатын какканда, Ат менен атчанды шылдыңдап күлөт. 19  Сен атка күч бере аласыңбы+, Мойнуна желбирете жал жаба аласыңбы? 20  Аны чегирткедей секирте аласыңбы? Анын катуу кошкуругу коркунуч туудурат+. 21  Өрөөндө туягы менен жер чапчыйт+, күчү ашына туйлайт, Куралга каршы бет алат+. 22  Ал коркунучка күлөт, үрөйү учпайт+, Кылычтан жалтанбайт. 23  Үстүнө найза менен кыска найзанын учу, Саадак урунат, 24  Жерди чапчып, албууттанып, чоң аралыктарды багынтат, Мүйүз сурнайдын үнүн укканда уккан кулагына ишенбейт. 25  Сурнай тартылары менен, кишенейт, Алыстан салгылаштын жытын, Башчылардын кыйкырыгын, согуш ураанын туят+. 26  Шумкардын каалгып учканы, Түштүк шамалына канат жайганы сенин акылмандыгыңанбы? 27  Бүркүттүн бийик учканы+, Уясын бийик жерге салганы+, 28  Аскада жашаганы, Зооканын чокусунда, кол жеткис жерде түнөгөнү сен буйрук бергендиктенби? 29  Ал ошол жактан жемин издейт+, Көзү алысты көрөт. 30  Балапандары кан ичет, Өлүк каерде болсо, ал да ошол жерде болот»+.

Шилтемелер

Буйвол сымал жаныбар.