Аюп 40:1—24
40 Жахаба сөзүн улап, Аюпка мындай деди:
2 «Адамдын Кудурети Күчтүүдөн кынтык издеп, аны менен талашып-тартышууга акысы барбы?+
Буга Кудайды айыптагандын өзү жооп берсин»+.
3 Ошондо Аюп Жахабага мындай деп жооп берди:
4 «Мына, мен эч нерсеге арзыбаган пендемин+.
Сага эмне деп жооп берем?
Колум менен оозумду жабам+.
5 Бир жолу сүйлөдүм — эми жооп бербейм,
Экинчи жолу сүйлөдүм — андан башка сөзүм жок».
6 Жахаба катуу шамалдын ичинен Аюпка мындай деди+:
7 «Кана, эркектей болуп, белиңди буучу+,
Сага суроо берейин, жооп берчи+.
8 Сен менин адилеттигимди жокко чыгарасыңбы?
Өзүңдү акташ үчүн мени айыпка жыгасыңбы?+
9 Же сенин колуң чыныгы Кудайдыкындайбы+,
Үнүңдү анын үнүндөй күркүрөтө аласыңбы?+
10 Өзүңдү улуулук+, бийик даража+ менен жасалгалачы,
Кадыр-баркты+, көрктү+ кийим кылып кийчи,
11 Кайнаган каарың төгүлсүн+,
Бой көтөргөндөрдүн баарын байкап, басынт.
12 Бой көтөргөндөрдүн баарын көрүп, баш ийдир+.
Ыймансыздарды турган жеринен тебеле.
13 Алардын баарын топуракка жашырып+,
Жашыруун жайга камап кой.
14 Ошондо оң колуң өзүңдү куткара алса,
Сени мактайм.
15 Мына, сени жаратканымдай эле, мен бегемотту да жараткам.
Ал, букага окшоп, көк чөп жейт+.
16 Анын күчү белинде,
Кубаты+ курсагындагы булчуңдарында.
17 Ал куйругун бал карагайдай иет.
Белиндеги тарамыштар чырмалышкан.
18 Сөөктөрү жез түтүктөрдөй,
Бекем сөөктөрү темир таяктардай.
19 Ал — Кудайдын жолдорунун алгачкысы,
Ага каршы Жаратканы+ гана кылычын суна алат.
20 Тоолор ага азыгын камдайт+.
Ошол жакта бардык талаа жаныбарлары оюн салат.
21 Ал тикенектүү бадалдын түбүнө жатат,
Камыш арасына+, саздак жерге+ жашынат.
22 Үстүнө тикенектүү бадалдар көлөкөсүн түшүрөт,
Аны өзөндүн теректери курчайт.
23 Дарыя албууттанып жатса да, ал дүрбөлөңгө түшүп качпайт.
Иордан ташкындап+, аны жаба каптаса да, кебелип койбойт.
24 Аны каратып туруп ким кармай алат?
Мурдун ким теше алат?