Аюп 41:1—34

41  Сен крокодилди*+ кайырмак менен тартып чыгара аласыңбы, Же тилин жип менен байлап коё аласыңбы?  Таноолоруна камыш сала аласыңбы+, Же тикенек менен жаагын теше аласыңбы?  Ал сага жалынып-жалбарабы, Же жумшак сөз айтабы?  Түбөлүккө кулуң болушу үчүн, Сени менен келишим түзөбү?  Аны чымчыкты эрмектегендей эрмектей аласыңбы, Же кыздарыңа байлап бере аласыңбы?  Аны бир нерсеге алмаштырышабы? Соодагерлер бөлүп алышабы?  Терисин дегээ менен+, Башын балыкчынын найзасы менен сая аласыңбы?  Колуңду үстүнө коюп көрчү. Ал күрөштү эч качан унутпайсың, экинчи антпейсиң.  Аны кармайм деп ойлогондун көңүлү кайт болот. Аны көрөрү менен кулап калат. 10  Анын тынчын ала алгыдай эр жүрөк жок. Анда менин алдымда ким туруштук бере алат?+ 11  Мен кайрып бергидей, ким мага биринчи болуп бирдеме берген?+ Асман астындагынын баары меники+. 12  Анын дене мүчөлөрүн, Күчүн, сымбатын айтпай коё албайм. 13  Анын кийимин үстүнөн ким сыйрып алат, Эки жаагынын ортосунан ким өтө алат? 14  Каалгадай жаактарын ким ача алат? Тегерете тизилген тиштери үрөй учурат. 15  Анын сыймыгы — кат-кат кабырчыктары; Алар мөөр менен басылгандай бекем жабыштырылган. 16  Бири-бирине ушунчалык кыналышкандыктан, Алардын арасынан аба да өтпөйт. 17  Алар чапталышып, Бири-бирине жармашып турат, ажырабайт. 18  Ал чүчкүргөндө, жарык чыгат, Көздөрү таңдын нуру сыяктуу. 19  Оозунан чагылган чартылдайт, Учкун чачырайт. 20  Камыш жагылган мештен түтүн чыккандай, Таноолорунан түтүн чыгат. 21  Деми* чокту алоолонтот, Оозунан жалын чыгат. 22  Мойнунда күч жатат, Алдынан коркунуч качат. 23  Терисинин бырыштары бири-бирине ыкталган; Алар үстүнө куюп койгондой, козголбойт. 24  Жүрөгү таштай куюлган, Тегирмендин астынкы ташындай куюлган. 25  Ал ордунан турганда, күчтүүлөрдү коркунуч басат+, Үрөйлөрү учуп, өздөрүн жоготуп коюшат. 26  Аны кылыч менен да, Найза, дегээ, жебенин учу менен да бой сундура албайсың+. 27  Темирди+ самандай, Жезди чириген жыгачтай көрөт. 28  Аны жебе качыра албайт, Салмоор таштары+ ал үчүн топондой. 29  Чокморду+ бир тал самандай көрөт, Найзанын ышкырып учканына күлөт. 30  Курсагынын асты карапанын учтуу сыныктарындай, Баткактан эгин бастыргыч+ сүйрөп өткөндөй өтөт. 31  Тереңдиктерди казандай боркулдатат, Деңизди сыйпанма май кайнатылган казандай кылат. 32  Артынан жаркыраган из калтырат, Суу туңгуюктары ак чачтай көрүнөт. 33  Жер бетинде ага тең келген бир да жан жок, Ал коркпос болуп жаратылган. 34  Бийик тургандардын баарына тайманбай карайт, Ал — бардык айбаттуу жапайы жаныбарлардын падышасы».

Шилтемелер

Евр. лебиатан.
Сөзмө-сөз: «жаны».