Аюп 42:1—17

42  Ошондо Аюп Жахабага мындай деп жооп берди:  «Колуңан келбеген эч нерсе жок экенин+, Ой-ниетиңдин аткарылышына эч ким тоскоолдук кыла албасын эми түшүндүм+.  Сен: „Ой-ниетимди түркөйлүк менен күңүрттөнтүп жаткан бул ким?“ — дедиң+. Ооба, мен сүйлөгөм, бирок түшүнбөптүрмүн, Өзүм билбеген кереметтүү нерселерди түшүнбөптүрмүн+.  Сен: „Мен сүйлөйүн, укчу мени, Сага суроо берейин, жооп берчи“,— дедиң+.  Сен жөнүндө кулагым чалган, Эми болсо минтип көзүм менен көрүп отурам.  Ошондуктан сөзүмдү кайра артка алам, Топурак менен күлгө отуруп өкүнөм»+.  Жахаба Аюп менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин темандык Элипазга кайрылды. Жахаба мындай деди: «Сага жана эки досуңа+ каарым кайнап чыкты. Силер мен жөнүндө кызматчым Аюптай туура сүйлөгөн жоксуңар+.  Эми жети бука, жети кочкор алып+, кызматчым Аюпка баргыла да+, өзүңөр үчүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгыла. Кызматчым Аюп силер үчүн тиленет+. Акылсыздыгыңардан улам силерди уятка калтырбашым үчүн, бир гана анын тиленүүсүн угам. Анткени силер мен жөнүндө кызматчым Аюптай туура сүйлөгөн жоксуңар»+.  Ошондо темандык Элипаз, Шуахтын тукумунан чыккан Билдат жана нааматтык Сопар барып, Жахаба айткандай кылышты. Ошондуктан Жахаба Аюптун тиленүүсүн кабыл алды. 10  Аюп достору үчүн тиленгенде+, Жахаба Аюпту башына түшкөн жамандыктан арылтты+. Анан Жахаба ага мурун ээ болгонунун баарын берди, атүгүл эки эсе көп берди+. 11  Ошондо ага бардык бир туугандары, эски тааныштары келди+. Алар аны менен бирге үйүндө нан жеп+, көңүл айтып, аны жубатышты, анткени Жахаба жол бергендиктен, анын башына көп мүшкүл түшкөн эле. Ар бири ага бирден күмүш акча, бирден алтын шакек берди. 12  Жахаба Аюпка өмүрүнүн акыркы жылдарында мурункудан да көп+ бата берди+. Ал 14 000 койго, 6 000 төөгө, 1 000 жуп өгүзгө, 1 000 ургаачы эшекке ээ болду. 13  Ошондой эле жети уулдуу, үч кыздуу болду+. 14  Биринчи кызына Эмима, экинчисине Кетсия, үчүнчүсүнө Керенгапух деген ат койду. 15  Жер жүзүндө Аюптун кыздарындай сулуу аялдар жок эле. Алар бир туугандары менен бирге атасынан мурас алды+. 16  Ошондон кийин Аюп дагы 140 жыл жашап+, уулдарын, төртүнчү муунга чейинки неберелерин көрдү+. 17  Ошентип, Аюп картайып, өмүргө тоюп көз жумду+.

Шилтемелер