Аян 8:1—13

8  Козу+ жетинчи мөөрдү+ ачканда, асманда жарым сааттай жымжырттык өкүм сүрдү.  Мен Кудайдын алдында турган жети периштени+ көрдүм. Аларга жети сурнай берилди.  Андан кийин жыпарзат түтөтүлчү алтын идиши бар бир периште келип, жыпарзат түтөткүчтүн+ жанына турду. Ыйыктар тиленип жаткан учурда тактынын алдындагы алтын жыпарзат түтөткүчтүн үстүндө тартуу катары сунушташы үчүн ал периштеге көп жыпарзат+ берилди.  Анын колундагы жыпарзаттын түтүнү ыйыктардын тиленүүлөрү+ менен бирге Кудайга көтөрүлдү.  Ошол замат периште жыпарзат түтөтүлчү идишке жыпарзат түтөткүчтөгү оттон+ толтура салды да, жерге ыргытып жиберди+. Ошондо күн күркүрөп+, үндөр угулуп, чагылган жарк-журк этип+, жер титиреди+.  Жети сурнайы+ бар жети периште+ сурнай тартууга камынды.  Биринчи периште сурнайын тартканда, жерге кан аралаш мөндүр менен от жаады+. Ошондо жердин үчтөн бир бөлүгү жана дарактардын үчтөн бир бөлүгү өрттөнүп+, жашыл өсүмдүктөрдүн+ баары күйүп кетти.  Экинчи периште сурнайын тартканда, жалындап күйгөн чоң тоо+ сыяктуу нерсе деңизге+ ыргытылды. Ошондо деңиздин үчтөн бир бөлүгү канга айланды+.  Деңиздеги тирүү жандардын үчтөн бир бөлүгү өлүп+, кемелердин үчтөн бир бөлүгү кыйрады. 10  Үчүнчү периште сурнайын тартканда, асмандан чырактай жаркыраган чоң жылдыз түштү+. Ал дарыялардын үчтөн бир бөлүгүнө жана суу башаттарына түштү+. 11  Ал жылдыздын аты — Эрмен. Ошондо суулардын үчтөн бир бөлүгү эрмендей ачуу болуп калгандыктан+, анын айынан көп киши өлдү. 12  Төртүнчү периште сурнайын тартканда, күндүн үчтөн бир бөлүгүнө, айдын үчтөн бир бөлүгүнө, жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүнө сокку урулду. Бул алардын үчтөн бир бөлүгү карайып+, күндүн да, түндүн да үчтөн бир бөлүгү+ жарыксыз калышы үчүн болду. 13  Мен асмандын ортосунда+ учуп бараткан бүркүттү+ көрдүм жана анын катуу үн менен: «Калган үч периште тартканы жаткан сурнайлардын+ үнүнөн улам жер бетинде жашагандарга кайгы, кайгы, кайгы!»+ — дегенин уктум.

Шилтемелер