Башталыш 38:1—30

38  Ошол убакта Жүйүт бир туугандарынан бөлүнүп, чатырын адуламдык+ Хира деген кишинин жанына тикти.  Ал жерден Жүйүт канаандык Шуа деген бир кишинин кызын көрдү+. Анан аны аялдыкка алып, ага жакындады.  Аялынын боюна бүтүп, уул төрөдү. Жүйүт анын атын Эр койду+.  Анан аялы дагы кош бойлуу болуп, экинчи уулун төрөп, атын Онан койду.  Ал дагы бир уул төрөп, атын Шелах деп койду. Ал кезде алар Акзипте болчу+.  Кийинчерээк Жүйүт тун уулу Эрге аял алып берди. Анын аты Тамар эле+.  Бирок Жүйүттүн тун уулу Эр Жахабанын көз алдында жаман иштерди+ кылгандыктан, Жахаба аны өлтүрүп салды+.  Ошондо Жүйүт Онанга: «Жеңеңе үйлөнүп, кайнилик милдетиңди аткар да, агаңдын тукумун ула»,— деди+.  Бирок Онан ал тукум өзүнүкү болбой турганын билгендиктен+, агасынын тукумун улабаш үчүн, жеңесине жакындаганда уругун жерге агызып салчу+. 10  Анын бул кылганы Жахабанын көз алдында жаман иш болуп эсептелгендиктен+, ал Онанды да өлтүрүп салды+. 11  Ошондо Жүйүт келини Тамарга: «Уулум Шелах чоңойгуча, жесир катары атаңдыкында жашап тур»,— деди+. Анткени ал: «Бул балам да агаларына окшоп өлүп калып жүрбөсүн»,— деп ойлоду+. Ошентип, Тамар атасынын үйүндө жашап калды+. 12  Бир топ убакыт өткөндөн кийин, Шуанын кызы, Жүйүттүн аялы+, көз жумду. Аза күтүү күндөрү бүткөндө+, Жүйүт адуламдык досу Хира+ менен Тимнага+, анын койлорун кыркып жаткандарга жөнөдү. 13  Ошол убакта Тамарга: «Кайнатаң койлорун кыркканы Тимнага баратат»,— деп айтышты+. 14  Ал үстүндөгү жесирдин кийимин чечип, жоолук жамынып, жүзүн жаап, Тимнага кеткен жолдогу Энаимдин кире беришине барып отурду. Себеби, Шелах чоңойсо да, кайнатасы аны Шелахка аялдыкка алып бербей койгон эле+. 15  Жүйүт аны көргөндө сойку+ деп ойлоду, анткени ал жүзүн жаап алган болчу+. 16  Анан ага жакын барып: «Сени менен жатсам болобу?» — деди+, себеби анын өзүнүн келини экенин билген жок+. Аял андан: «Мени менен жатсаң, эмне бересиң?» — деп сурады+. 17  Жүйүт: «Короомдон бир улак берип жиберем»,— деди. Аял: «Аны берип жибергенге чейин күрөөгө бирдеме калтырасыңбы?» — деп сурады+. 18  Жүйүт: «Күрөөгө эмне берейин?» — деди. Тиги: «Мөөр шакегиңди+, анын боосун, колуңдагы таягыңды бер»,— деп жооп берди. Ал аялга сурагандарынын баарын берип, ага жакындады. Анын боюна бүттү. 19  Анан аял ал жерден кетип, жамынган жоолугун алып таштап, жесирдин кийимин кийди+. 20  Жүйүт аялдан күрөөгө таштаган буюмдарын алыш үчүн адуламдык+ досунан ага улак берип жиберди. Бирок досу келип, аны таппай койду. 21  Анан ошол жердеги кишилерден: «Энаимде, жолдун боюнда отурган сойку* кайда?» — деп сурады. Алар: «Бул жерде эч качан сойку болгон эмес»,— дешти+. 22  Ал Жүйүткө кайтып барып: «Аны таппай койдум. Ал жактагы кишилер да: „Бул жерде эч качан сойку болгон эмес“,— деп айтышты»,— деди. 23  Жүйүт: «Мейли, мен калтырган буюмдарды алса ала берсин. Аны издеп, сөзгө калбай эле коёлу+. Эң негизгиси, ага улак берип жибергеним, сенин аны таппай койгонуң чын»,— деди. 24  Арадан үч айдай өткөндө, Жүйүткө: «Келиниң Тамар бузуктук кылып+, боюна бүтүп калыптыр»,— дешти+. Ошондо ал: «Аны алып чыгып, өлтүргүлө да, өрттөп таштагыла»,— деди+. 25  Тамарды алып баратышканда, ал кайнатасына: «Бул буюмдар кимдики болсо, боюма ошондон бүттү»,— деп айттырып жиберди+. Анан: «Бул мөөр шакек, анын боосу жана бул таяк+ кимдики экенин териштирип көрүңүз»,— деп кошумчалады+. 26  Жүйүт буюмдарын таанып+: «Мага караганда ал адил экен+. Анткени мен аны уулум Шелахка алып бербей койгон элем»,— деди+. Ошондон кийин ал ага жакындаган жок+. 27  Төрөй турган маалы келгенде, Тамардын курсагындагысы эгиз экени билинди. 28  Ал төрөп жатканда, бирөөсүнүн колу чыкты. Ошондо төрөтүп жаткан аял: «Бул биринчи чыкты» — деп, анын колуна ачык кызыл түстөгү жип байлай койду. 29  Бирок ал колун кайра тартып алды. Анан анын ордуна бир тууганы чыкты. Ошондо төрөтүп жаткан аял: «Бул эмнеси? Сен кантип жарып чыктың?» — деп жиберди. Ошон үчүн анын атын Перес* коюшту+. 30  Анын артынан колуна ачык кызыл жип байланган бир тууганы чыкты. Анын атын Зерак* коюшту+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ибадаткана сойкусу».
Мааниси: «жарып чыгуу».
Мааниси: «жаркыроо; күндүн чыгышы».