Бийлер 1:1—36

1  Жашыя көз жумгандан кийин+, Ысрайыл уулдары Жахабадан: «Канаандыктар менен согушканы кимибиз биринчи барабыз?» — деп сурашты+.  Жахаба: «Жүйүт барат+. Мен ал жерди ага берем»,— деди.  Ошондо Жүйүт бир тууганы Шымонго: «Мага үлүшкө тийген жерге+ мени менен чогуу бар, канаандыктар менен согушалы. Биз да кийин сени менен сага үлүшкө тийген жерге+ барабыз»,— деди. Шымон аны менен жөнөдү+.  Ошентип, Жүйүт уулдары согушканы барышты. Жахаба канаандыктар менен периздерди алардын колуна салып берди+. Алар Безекте душмандарынын 10 000 кишисин өлтүрүштү.  Безектен алар Адонибезек менен беттешип, ага сокку уруп, канаандыктар+ менен периздерди+ талкалашты.  Адонибезек качып жөнөгөндө, алар анын артынан кууп жетип, кармап алышты да, колу-бутунун баш бармактарын кесип салышты.  Ошондо Адонибезек: «Мен колдору менен буттарынын баш бармактарын кесип салган жетимиш падыша үстөлүмдөн түшкөн тамакты терип жешчү эле. Мен аларды кандай кылсам, Кудай да мени ошондой кылды»,— деди+. Алар аны Иерусалимге+ алып келишти. Ал ошол жерде өлдү.  Жүйүт уулдары Иерусалимге+ да каршы согушуп, аны басып алышты да, тургундарын кылыч менен кырып, шаардын өзүн өрттөп жиберишти.  Анан тоолуу аймакта, Негепте+ жана Шепелада+ жашаган канаандыктар менен согушканы барышты. 10  Ошентип, алар Хеброндо+ (мурун Кириат-Арба деп аталчу)+ жашаган канаандыктар менен согушуп, Шешайды, Акиманды, Талмайды өлтүрүштү+. 11  Ал жактан Дебирдин+ тургундары менен согушканы жөнөштү. (Дебир мурун Кириат-Сепер деп аталчу.)+ 12  Ошондо Калеп+: «Ким Кириат-Сеперди басып алса, ага кызым Аксаны+ аялдыкка берем»,— деди+. 13  Аны Калептин иниси+ Кеназдын+ уулу Отниел+ басып алды. Калеп ага кызы Аксаны аялдыкка берди+. 14  Күйөөсүнүн үйүнө кетерде Акса атасынан жер сураганга күйөөсүн көндүрө баштады. Анан Акса эшектин үстүндө отуруп алаканын чапканда+, Калеп андан: «Эмне каалайсың, кызым?» — деп сурады. 15  Ал: «Мага батаңызды бериңиз+. Сиз мага түштүктөн жер бердиңиз, эми Гулот-Маимди да бериңиз»,— деди. Ошондо атасы ага Жогорку Гулотту да+, Төмөнкү Гулотту да берди. 16  Мусанын кайнатасы+ кейнилик кишинин уулдары+ Жүйүт уулдары менен бирге курма дарактары өскөн шаардан+ чыгып, Араттын+ түштүгүндөгү Жүйүт чөлүнө барышты. Алар ошол жерде эл менен чогуу жашап калышты+. 17  Жүйүт менен анын бир тууганы Шымон Сепатта жашаган канаандыктарды кырып, шаарын талкалашты+. Ошондуктан ал шаар Хорма*+ деп аталып калды. 18  Анан Жүйүт Азаны+, Ашкелонду+ жана Экронду+ тегерегиндеги жерлери менен кошо басып алды. 19  Жахаба Жүйүт менен болгондуктан, Жүйүт тоолуу аймакты ээлеп алды. Бирок ал өрөөндө жашагандардын жерин тартып ала алган жок, анткени алардын темир чалгылары+ бар майдан арабалары+ бар болчу. 20  Мусанын убадасы боюнча, алар Калепке Хебронду беришти+. Ал ал жерден Анактын үч уулун кууп чыкты+. 21  Бенжемин уулдары Иерусалимде жашаган жебустуктарды кууп чыгышкан жок+, ошондуктан алар бүгүнкү күнгө чейин Бенжемин уулдары менен бирге Иерусалимде жашап жатышат+. 22  Ал ортодо Жусуптун уулдары+ Бейтелге каршы согушка чыгышты+. Жахаба алар менен болду+. 23  Жусуптун уулдары Бейтелди (мурун бул шаар Луз деп аталчу)+ чалгындай башташты+. 24  Чалгынчылар шаардан чыгып келаткан кишини көрүп, ага: «Шаарга кайсы жагынан кирсе болорун бизге көрсөтүп берчи, биз сага ырайым кылабыз»,— дешти+. 25  Тиги киши аларга шаарга кайсы жагынан кирсе болорун көрсөтүп берди. Алар шаардын тургундарын кылыч менен кырып ташташты+, тиги кишини болсо бүт үй-бүлөсү менен коё беришти+. 26  Ал киши Хет тукумдарынын+ жерине барып, ошол жерге шаар курду да, аны Луз деп атады. Ал ушу күнгө чейин ушинтип аталат. 27  Менаше+ Бет-Шеанды+, Таанахты+ жана аларга караштуу шаарларды ээлеп алган жок. Ал Дордун+, Иблеимдин+, Мегидонун+ тургундарын жеринен кууп чыккан жок, ошондой эле ал шаарларга караштуу шаарларды да ээлеп алган жок. Андыктан канаандыктар дагы эле ошол жерде жашап жатышты+. 28  Ысрайыл уулдары күчтөнгөндөн кийин+ канаандыктарды кул кылып алышты+, бирок аларды жеринен толугу менен кууп чыгышкан жок+. 29  Эпрайым да Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыккан жок, ошондуктан канаандыктар алар менен бирге Гезерде жашап жатышты+. 30  Забулун+ Китрон менен Нахалолдун+ тургундарын кууп чыккан жок, ошондуктан канаандыктар Забулун уулдары менен бирге жашап жатышты+, алар канаандыктарды кул кылып алышты+. 31  Ашыр+ Аконун, Сидондун+, Аклаптын, Акзиптин+, Хелбанын, Апиктин+ жана Рекоптун+ тургундарын кууп чыккан жок. 32  Ашыр уулдары ошол жердеги канаандыктардын арасында жашап жатышты, анткени аларды кууп чыгышкан жок+. 33  Напталы+ Бет-Шемеш менен Бет-Анаттын+ тургундарын да кууп чыккан жок. Напталы уулдары ошол жердеги канаандыктардын арасында жашап жатышты+. Алар Бет-Шемеш менен Бет-Анаттын тургундарын кул кылып алышты+. 34  Аморлуктар болсо Дан уулдарын+ өрөөнгө түшүрбөй, улам тоолуу аймакты көздөй сүрүп жатышты+. 35  Аморлуктар дагы эле Херес тоосунда, Айлондо+ жана Шаалбимде+ жашап жатышты. Бирок Жусуптун уулдары күчтүү болгондуктан аларды оор жумушка салышты+. 36  Аморлуктардын чек арасы Акрабимдин+ өрүнөн, Селадан өйдө карай кетет.

Шилтемелер

Мааниси: «жок кылуу үчүн берилүү».