Бийлер 12:1—15

12  Эпрайым уулдары чогулуп, түндүктү көздөй жүрүп отуруп, дарыядан өтүштү да, Иптахка барып: «Эмнеге Амон уулдары менен согушканы барганда бизди чакырган жоксуң?+ Ошон үчүн сени үйүң менен кошо өрттөйбүз»,— дешти+.  Иптах аларга: «Менин элим да, өзүм да Амон уулдары менен кас болчубуз+. Мен силерди жардамга чакыргам, бирок силер мени алардын колунан куткарган жоксуңар.  Силер мени куткарганы келбей койгондуктан, өз өмүрүмдү* тобокелге салып+, Амон уулдары менен согушууга бел байладым+. Жахаба аларды колума салып берди. Эми эмнеге мени менен согушканы келдиңер?» — деди.  Анан Иптах гилаттыктарды тезинен чогултуп+, Эпрайым уулдары менен согушту. Эпрайым уулдары: «Гилаттыктар, силер Эпрайымдын да, Менашенин да жеринде жашап жүргөнүңөр менен, чынында, Эпрайым уулдарынын арасынан качкан качкынсыңар»,— деп айтышкандыктан, гилаттыктар аларды кыра башташты.  Алар Эпрайымдын тушундагы Иордандын кечүүлөрүн тороп алышты да+, качып бараткан Эпрайым уулдары: «Өтүп кетейинчи»,— дешкенде, алардын ар биринен: «Сен Эпрайым уулдарынан эмессиңби?» — деп сурап жатышты. «Жок»,— деп жооп берген кишиге  алар: «Кана, „шибболет“ деп айтчы»,— деп жатышты+. «Шибболет» деп так айта албай, «сибболет» дегендерин Иордандын кечүүсүндө өлтүрүп жатышты. Ошентип, гилаттыктар Эпрайым уулдарынын 42 000 кишисин өлтүрүштү+.  Ысрайылда алты жыл бий болгондон кийин гилаттык Иптах көз жумуп, Гилаттагы өзүнүн шаарына коюлду.  Андан кийин Ысрайылда бетлехемдик+ Ипзан бий болду+.  Анын отуз уулу, отуз кызы бар болчу. Ал уулдарына башка жактан отуз кыз алып берди. Ипзан Ысрайылда жети жыл бий болду. 10  Анан ал көз жумуп, Бетлехемге коюлду. 11  Андан кийин Ысрайылда Забулун уруусунан+ чыккан Элон бий болду. Он жыл бий болгондон кийин 12  Забулун уруусунан чыккан Элон көз жумуп, Забулун уруусунун жериндеги Айлонго коюлду. 13  Андан кийин Ысрайылда пиратондук+ Илелдин уулу Абдон бий болду. 14  Анын жетимиш эшекке минип жүргөн кырк уулу, отуз небереси бар болчу+. Ал Ысрайылда сегиз жыл бий болду. 15  Пиратондук Илелдин уулу Абдон көз жумуп, Амалыктын тукумдарына+ таандык тоодогу, Эпрайым уруусунун жериндеги, Пиратонго коюлду.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жанымды».