Бийлер 13:1—25
13 Ысрайыл уулдары кайрадан Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла башташты+. Ошондуктан Жахаба аларды кырк жылга пелиштиликтердин+ колуна салып берди.
2 Ошол убакта Сорада+ Дан+ уруусунан болгон Маноах+ деген киши жашачу. Анын аялы төрөбөс эле+.
3 Бир күнү ага Жахабанын периштеси көрүнүп+, мындай деди: «Сенин буга чейин боюңа бүткөн эмес, бала төрөгөн эмессиң. Эми боюңа бүтүп, уул төрөйсүң+.
4 Ошондуктан шарап да, күчтүү ичимдик+ да ичпе. Адал эмес эч нерсе жебе+.
5 Анткени боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Анын башына устара тийбесин+, себеби ал бала курсактан чыккандан тартып+ Кудайдын назири+ болот. Ал Ысрайылды пелиштиликтердин колунан куткарат»+.
6 Аял барып, күйөөсүнө мындай деди: «Мага чыныгы Кудайдын кишиси келди. Анын көрүнүшү чыныгы Кудайдын периштесиндей экен+, коркунучтуу экен+. Анын кайдан келгенин сураган жокмун, ал өзү да мага атын айткан жок+.
7 Ал мага: „Боюңа бүтүп, уул төрөйсүң+. Шарап да, күчтүү ичимдик да ичпе, адал эмес эч нерсе жебе, анткени ал бала курсактан чыккандан тартып өмүрүнүн акырына чейин Кудайдын назири болот“,— деди»+.
8 Маноах Жахабага кайрылып: «Жахаба, сен жиберген киши, чыныгы Кудайдын кишиси, кайрадан келип, төрөлө турган баланы+ кантип чоңойтушубуз керектигин айтып берсинчи»,— деп жалбарды+.
9 Чыныгы Кудай Маноахтын үнүн укту+. Анын аялы сыртта жүргөндө, чыныгы Кудайдын периштеси дагы келди. Күйөөсү жанында жок эле.
10 Ал шашкан бойдон күйөөсүнө чуркап барып+: «Өткөндө мага келген киши дагы келиптир»,— деди+.
11 Маноах ордунан туруп, аялы менен ал кишиге барып: «Аялым менен сүйлөшкөн сен белең?» — деп сурады+. Тиги: «Ооба, мен болчумун»,— деди.
12 Маноах: «Айткандарың аткарылса экен. Ал баланы кантип чоңойтуш керек? Ал эмне кылат?» — деп сурады+.
13 Жахабанын периштеси Маноахка: «Аялың мен айткан нерселердин баарынан алыс болсун+.
14 Ал жүзүмдөн жасалган эч нерсе жебесин, шарап, күчтүү ичимдик ичпесин+, адал эмес эч нерсе жебесин+. Мен айткандын баарын аткарсын»,— деди+.
15 Маноах Жахабанын периштесине: «Биз бир улак союп, даярдап келгиче, кетпей турчу»,— деди+.
16 Жахабанын периштеси ага: «Кетпегеним менен, сен алып келген нанды жебейм. Бирок эгер Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгың келсе+, чал»,— деди. Маноах анын Жахабанын периштеси экенин билген жок.
17 Ал Жахабанын периштесине: «Атың ким, айтчы+, айтканың аткарылганда, сага урмат көрсөтөлү»,— деди.
18 Жахабанын периштеси: «Атымды сурап эмне кыласың? Ал керемет»,— деди.
19 Маноах бир улак менен нан курмандыгын алып келип, таштын үстүндө Жахабага курмандыкка чалды+. Ал Маноах менен анын аялынын көзүнчө таң калыштуу нерсе кылды.
20 Курмандык жайынан оттун жалыны асманга көтөрүлгөндө, Жахабанын периштеси Маноах менен анын аялынын көзүнчө оттун жалыны менен жогору көтөрүлдү+. Муну көргөндө алар жерге жүзтөмөндөп жыгылышты+.
21 Жахабанын периштеси Маноах менен анын аялына кайра көрүнгөн жок. Ошондо Маноах анын Жахабанын периштеси экенин түшүндү+.
22 Ал аялына: «Биз Кудайды көрдүк+, эми өлөбүз»,— деди+.
23 Аялы ага: «Эгер Жахаба бизди өлтүргүсү келсе, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыбыз менен нан курмандыгыбызды кабыл албайт болчу+, бизге булардын баарын көрсөтүп, мындай сөздөрдү айтпайт болчу»,— деди+.
24 Арадан убакыт өтүп, аял уул төрөп, атын Шымшон+ койду. Бала чоңоё берди. Жахаба ага батасын берип жатты+.
25 Бир канча убактан кийин Сора+ менен Эштаолдун+ ортосундагы Махане-Данда+ ага Жахабанын руху түштү+.