Бийлер 14:1—20

14  Шымшон Тимнага+ барып, ал жерден пелиштилик бир кызды көрүп калды да,  ата-энесине келип: «Тимнадан пелиштилик бир кызды көрдүм, мага ошону алып бергиле»,— деди+.  Алар ага: «Сүннөткө отургузулбаган пелиштиликтердин кызын алгыдай+, бир туугандарыңдын, элибиздин арасында кыз калбай калыптырбы?» — дешти+. Бирок Шымшон атасына: «Мага ошол кыз жагып калды, ошону алып бериңиз»,— деди.  Ата-энеси мунун Жахабадан экенин+, анын ошол учурда Ысрайылга үстөмдүк кылып турган пелиштиликтерден+ өч алуунун жолун издеп жатканын билген жок.  Шымшон ата-энеси менен Тимнага жөнөдү+. Ал Тимнанын жүзүмзарларына жеткенде, алдынан жалдуу жаш арстан арылдап чыкты.  Ошондо Шымшонго Жахабанын руху түшүп+, колунда эч нерсеси жок болсо да, арстанды улактай кылып экиге бөлүп салды. Бирок аны ата-энесине айткан жок.  Анан пелиштилик кызга барып, аны менен сүйлөштү; ал кызды жакшы көрөрүнө ынанды+.  Бир канча убакыттан кийин Шымшон кызды алып кетиш үчүн кайра аныкына жөнөдү+. Ал жакка баратып өзү өлтүргөн арстанды көрүш үчүн жолдон бурулду. Арстандын тарпынын ичинде аарылар менен бал+ бар экен.  Ал балдан алып, жолдо жеп баратты+. Ата-энесине жеткенде аларга да берди, алар да жешти. Бирок ал балды арстандын тарпынын ичинен алганын ата-энесине айткан жок. 10  Шымшон атасы менен кыздыкына барды. Анан Шымшон ал жерде, башка жаштар той өткөргөндөй эле, той өткөрдү+. 11  Ал жерге барары менен, ага жанында жүргөнгө отуз күйөө жолдош тандап беришти. 12  Шымшон аларга: «Силерге бир табышмак+ айтайын. Эгер жандырмагын той бүткүчө, жети күндүн+ ичинде тапсаңар, мен силерге отуз сыйра кийим, отуз ички кийим+ берем. 13  Эгер таппасаңар, анда силер мага отуз сыйра кийим, отуз ички кийим бересиңер»,— деди. Алар: «Табышмагыңды айт, угалы»,— дешти. 14  Ал: «Жегичтен+ желчү нерсе, Күчтүүдөн таттуу нерсе чыкты»,— деди+. Алар табышмактын жандырмагын үч күн бою таба алышкан жок. 15  Анан төртүнчү күнү Шымшондун аялына: «Күйөөңдү алдап, табышмактын жандырмагын билип бер+, болбосо сени да, атаңдын үйүн да өрттөп жиберебиз+. Бизди, эмне, тоногону чакырдыңарбы?» — дешти+. 16  Ошондо Шымшондун аялы ыйлап+, ага: «Сен мени жаман көрөсүң, мени сүйбөйсүң+. Менин элимдин уулдарына айткан табышмактын+ жандырмагын мага айткан жоксуң»,— деди. Ал: «Анын жандырмагын атама да, апама да айткан жокмун+, анан сага айтышым керекпи?» — деди. 17  Бирок аялы той бүткүчө, жети күн бою анын алдына келип ыйлай берди. Акыры, жанын койбой койгондуктан+, Шымшон ага жетинчи күнү табышмактын жандырмагын айтып койду. Аялы болсо аны өз элинин уулдарына айтты+. 18  Жетинчи күнү Шымшон аялынын бөлмөсүнө кирерде+, ал шаардагылар ага: «Балдан таттуу, Арстандан күчтүү эмне бар?» — дешти+. Ал аларга: «Эгер менин кунажыным менен кош айдабасаңар+, Табышмагымдын жандырмагын тапмак эмессиңер»,— деди+. 19  Ошондо Шымшонго Жахабанын руху түшүп+, ал Ашкелонго+ барды да, ал жерден отуз кишини өлтүрүп, алардын кийимдерин чечип, табышмактын жандырмагын тапкандарга берди+. Анан ачууланган боюнча атасынын үйүнө кетип калды. 20  Шымшондун аялы+ болсо анын жанында жүргөн күйөө жолдошторунун бирине тийди+.

Шилтемелер