Бийлер 15:1—20
15 Бир канча убакыт өткөндөн кийин, буудай орулуп жаткан убакта, Шымшон бир улак+ алып, аялына жолукканы барды. Ал: «Аялымдын бөлмөсүнө кирейин»+,— деди, бирок анын атасы киргизбей койду.
2 Ал Шымшонго: «Мен сени аялын жек көрүп калды болуш керек деп ойлоп+, аны күйөө жолдошуңа берип койгом+. Сиңдиси андан сулуураак эмеспи, эжесинин ордуна ошону ал»,— деди.
3 Ошондо Шымшон: «Эми пелиштиликтерге жамандык кылсам, күнөөлүү болбойм»,— деди+.
4 Ал барып, 300 түлкү+ кармап, аларды эки-экиден кылып куйруктарынан байлады да, куйруктарынын ортосуна бирден шамана байлап койду.
5 Анан шаманаларды күйгүзүп, түлкүлөрдү пелиштиликтердин орула элек эгинине коё берди. Ошентип, алардын боолору, өсүп жаткан эгини, жүзүмзарлары менен зайтун дарактары бүт өрттөнүп кетти+.
6 Пелиштиликтер бири-биринен: «Муну ким кылды?» — деп сурай башташты. Анан: «Муну тимналык кишинин күйөө баласы Шымшон кылыптыр, анткени кайнатасы анын аялын күйөө жолдошуна берип койгон болчу»,— дешти+. Алар барып, аялды да, анын атасын да өрттөп салышты+.
7 Шымшон аларга: «Ушинткениңер үчүн силерден өч алам, андан башка аргам жок+. Ошондо гана жаным жай алат»,— деди.
8 Анан аларды биринин артынан бирин өлтүрүп, көп кишисин кырып салды. Андан кийин Эйтам аскасынын жаракасына барып, ошол жерге баш калкалады+.
9 Кийинчерээк пелиштиликтер+ келип, кошуундары менен Жүйүт жерине+ жайгашып, Лехиге+ кирип барышты.
10 Жүйүт жериндегилер алардан: «Эмнеге бизге кол салганы жатасыңар?» — деп сурашты. Алар: «Биз Шымшонду байлап алып кеткени келдик. Ал бизге кандай кылса, биз да ага ошондой кылабыз»,— дешти.
11 Ошондо жүйүттөрдүн 3 000 кишиси Эйтам аскасынын жаракасына барып+, Шымшонго: «Пелиштиликтердин бийлиги астында экенибизди билбейсиңби?+ Эмнеге мындай кылдың?» — дешти. Ал: «Алар мага кандай кылышса, мен да аларга ошондой кылдым»,— деди+.
12 Алар ага: «Биз сени байлап, пелиштиликтердин колуна салып бериш үчүн келдик»,— дешти. Шымшон: «Анда мени өлтүрбөйбүз деп ант бергиле»,— деди.
13 Алар: «Жок, өлтүрбөйбүз, биз сени жөн эле байлап, алардын колуна өткөрүп беребиз»,— дешти.
Анан аны эки жаңы аркан+ менен байлап, асканын арасынан алып кетишти.
14 Ал Лехиге жеткенде, пелиштиликтер аны көрүп кубанганынан кыйкырып киришти+. Ошондо ага Жахабанын руху+ түшүп, колун байлаган аркандар күйүп калган зыгыр жибиндей+ болуп үзүлүп калды.
15 Ал эшектин жаак сөөгүн таап алып, аны менен 1 000 кишини өлтүрдү+.
16 Анан:
«Эшектин жаак сөөгү менен душмандарды кырып, өлүктөрүн дөбө кылып үйүп таштадым!
Эшектин жаак сөөгү менен миң кишини өлтүрдүм»,— деди+.
17 Бул сөздөрдү айткандан кийин жаак сөөктү ыргытып жиберди да, ал жерди Рамат-Лехи*+ деп атады.
18 Ал аябай суусап, Жахабага: «Сен кулуңду улуу жеңишке жеткирдиң+. Эми каным катып, сүннөткө отургузулбагандардын колуна түшүп өлөмбү?» — деп жалбарды+.
19 Ошондо Кудай Лехиде соку түрүндөгү жарака пайда кылып, суу чыгарды+. Шымшон ал суудан ичкенде жанданып+, кайрадан күчкө толду+. Ошондуктан аны Эн-Хакоре* деп атады. Ал Лехиде ушул күнгө чейин бар.
20 Шымшон пелиштиликтердин убагында Ысрайылда жыйырма жыл бий болду+.