Бийлер 16:1—31

16  Күндөрдүн биринде Шымшон Азага+ барды. Ал жактан бир сойку аялды көрүп, аныкына кирди+.  Азанын тургундарына: «Бул жерге Шымшон келиптир»,— деп айтышты. Алар шаарды курчап алышты да+: «Таң атары менен аны өлтүрөбүз» — дешип+, түнү менен шаардын дарбазасын кайтарып, аны аңдып отурушту+.  Шымшон түн жарымына чейин жатты да, анан туруп, дарбазаны+ бекиткичтери, эки кашеги менен кошо сууруп алды да, жонуна көтөрүп, Хеброндун+ тушундагы тоонун чокусуна алып барып таштады+.  Арадан убакыт өтүп, ал Сорек өзөнүндө жашаган Делила+ деген кызды сүйүп калды.  Пелиштиликтердин шериктеш башкаруучулары+ Делилага келип: «Аны алдап+, күчүнүн сыры эмнеде экенин, аны кантип жеңсе болорун, багындырыш үчүн эмне менен байласак болорун билип бер. Ошондо ар бирибиз сага бир миң бир жүз күмүш тыйындан беребиз»,— дешти+.  Кийинчерээк Делила Шымшондон: «Айтчы мага, күчүңдүн сыры эмнеде, сени багындырыш үчүн эмне менен байлаш керек?» — деп сурады+.  Шымшон ага: «Мени кургай элек жети тарамыш+ менен байласа, күчүм кетип, башкалардай эле болуп калам»,— деди.  Пелиштиликтердин шериктеш башкаруучулары+ Делилага кургай элек жети тарамыш алып келип беришти. Ал Шымшонду байлап койду.  Анын башка бөлмөсүндө+ кишилер жашынып отурушкан эле. Делила: «Шымшон, пелиштиликтер+ келатат!» — деди. Ал туруп, чыйратылган зыгыр жип күйүп калганда кандай оңой үзүлсө, тарамыштарды ошондой кылып үзүп салды+. Ошентип, алар анын күчү эмнеде экенин биле алышкан жок+. 10  Делила+ Шымшонго: «Сен мени алдап койдуң+. Айтчы мага, сени эмне менен байлаш керек?» — деди. 11  Ал: «Эгер мени колдонула элек жаңы аркан менен байласа, күчүм кетип, башкалардай эле болуп калам»,— деди. 12  Делила аны жаңы аркан менен байлап: «Шымшон, пелиштиликтер келатат!» — деди. Ошол учурда башка бөлмөдө кишилер жашынып отурушкан эле+. Шымшон арканды жиптей кылып үзүп салды+. 13  Андан кийин Делила Шымшонго: «Мени ушунча жолу алдадың+. Айтчы эми, сени эмне менен байлаш керек?» — деди+. Шымшон: «Башымдагы жети өрүм чачымды кездеменин жибине+ кошуп токуп салсаң, күчүмдү жоготом»,— деди. 14  Делила анын чачын кездеме токугучтун казыгы менен бастырып: «Шымшон, пелиштиликтер келатат!» — деди+. Шымшон ойгоно калып, казыкты кездемеси менен кошо жулуп алды. 15  Делила ага: «Жүрөгүңдөгүнү мага ачып бербегенден кийин „сүйөм“ деп кантип айтып жатасың?+ Сен мени үч жолу алдап, күчүңдүн сыры эмнеде экенин айтпай койдуң»,— деди+. 16  Ал такыр жанын койбой койгондуктан+, Шымшондун жаны кыйналып, чыдай албай кетти+. 17  Акыры, ал: «Менин башыма устара тийген эмес+, анткени мен энемдин курсагында жаткандан тартып эле Кудайдын назиримин+. Эгер чачымды кыркып салса, күчүм кетип, башкалардай эле болуп калам»+ — деп, ага жүрөгүндөгүсүнүн баарын ачып берди+. 18  Делила Шымшондун жүрөгүндөгүсүнүн баарын ачып бергенин көрүп, пелиштиликтердин шериктеш+ башкаруучуларын: «Эми келе бергиле, ал мага жүрөгүндөгүсүнүн баарын ачып берди»+,— деп чакыртты. Алар акчаларын алып, Делилага келишти+. 19  Ал Шымшондун башын тизесине коюп, аны уктаткандан кийин киши чакыртып, анын башындагы жети өрүм чачын кырктырып салды. Ошондо Шымшондун күчү кетип, Делила аны багындырып алды. 20  Анан: «Шымшон, пелиштиликтер келатат!» — деди. Шымшон ойгонуп: «Мурдагыдай эле кутулуп кетем»+,— деп ойлоду. Ал Жахабанын аны таштап койгонун билген жок+. 21  Пелиштиликтер аны кармап алып, көздөрүн оюп+, Азага+ алып барышты да, эки жез кишен менен кишендеп коюшту+. Анан түрмөдө+ ага тегирмен ташын+ айландыртып коюшту. 22  Ошол убакта кыркылган чачы коюу болуп өсө баштады+. 23  Пелиштиликтердин шериктеш башкаруучулары өздөрүнүн кудайы Дагонго+ көп курмандык чалып, көңүл ачуу үчүн чогулушту. Алар: «Душманыбыз Шымшонду кудайыбыз колубузга салып берди»,— дешти+. 24  Эл аны көрүп: «Жерибизди бүлдүрүп+, көп кишибизди өлтүргөн+ душманыбызды кудайыбыз колубузга салып берди» — деп+, өздөрүнүн кудайын даңктай башташты+. 25  Көңүлдөрү ачылганда+, алар: «Шымшонду чакыргыла, бизге тамаша коюп берсин»,— дешти+. Аларга тамаша коюп бериши үчүн+, Шымшонду түрмөдөн алып келип, эки түркүктүн ортосуна тургузушту. 26  Шымшон аны колунан кармап турган балага: «Үйдү кармап турган түркүктөрдүн жанына алып барчы, аларга жөлөнөйүн»,— деди. 27  (Үй толо эркектер менен аялдар эле. Ал жерде пелиштиликтердин шериктеш башкаруучулары да бар болчу+. Үйдүн чатырынан 3 000ге жакын эркек-аял тамаша коюп жаткан Шымшонду карап турушкан.)+ 28  Шымшон+ Жахабага жалбарып+: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, суранам, мени эстей көр+, мага дагы бир эле жолу күч бере көр!+ Эки көзүмдүн, жок дегенде, бири үчүн пелиштиликтерден өч алайын!» — деди+. 29  Шымшон үйдү кармап турган ортодогу эки түркүктүн бирине оң колу менен, экинчисине сол колу менен таянып: 30  «Жаным пелиштиликтер менен бирге өлсүн»,— деди+. Анан болгон күчү менен түркүктөргө таянганда, үй кулап, ичиндеги кишилер менен шериктеш башкаруучулардын баарын басып калды+. Ошондо аны менен кошо өлгөн адамдардын саны ал тирүү кезинде өлтүргөн адамдардын санынан көп болду+. 31  Кийинчерээк бир туугандары менен атасынын үйүндөгүлөрү келип, анын сөөгүн алып кетишти да, Сора+ менен Эштаолдун+ ортосундагы атасы Маноах+ коюлган жерге коюшту. Шымшон Ысрайылга жыйырма жыл бий болду+.

Шилтемелер