Бийлер 17:1—13
17 Эпрайымдын тоолуу аймагында+ Микей деген киши жашачу.
2 Бир күнү ал энесине: «1 100 күмүш тыйыныңызды уурдап кеткенде, сиз уурдаган кишини каргабадыңыз беле+. Ошол күмүш менде, аны мен алган болчумун»,— деди+. Ошондо энеси: «Уулума Жахаба батасын берсин»,— деди+.
3 Уулу 1 100 күмүш тыйынды энесине кайрып бергенде+, ал: «Мен бул күмүштү уулум үчүн Жахабага арнап, андан эки буркан+ жасатам. Бул күмүш сеники болот»,— деди.
4 Уулу күмүштү кайра энесине бергенде, энеси 200 күмүш тыйынды алып, зергерге+ берди. Ал андан эки буркан жасады+. Анан аларды Микейдин үйүнө коюп коюшту.
5 Микейдикинде кудайлар+ турган үй бар эле. Ал эфод+ менен терафим* жасап+, дин кызматчы болушу үчүн+ уулдарынын бирине бийлик берди*+.
6 Ал кезде Ысрайылда падыша жок эле+. Ар ким өзү туура көргөнүн жасачу+.
7 Жүйүт жериндеги Бетлехемде+ бир жаш леби+ бар эле. Ал бир канча убакыт Жүйүт уруусундагылардын арасында жашады.
8 Анан убактылуу башка жерде жашаш үчүн Жүйүт жериндеги Бетлехемден кетип калды. Ал жүрүп отуруп, Эпрайымдын тоолуу аймагында жашаган Микейдикине туш болду+.
9 Микей андан: «Кайдан келатасың?» — деп сурады. Ал: «Мен лебимин, убактылуу башка жерде жашаш үчүн Жүйүт жериндеги Бетлехемден келатам»,— деди.
10 Ошондо Микей ага: «Меникинде жашап, мага кеңешчи*+ жана дин кызматчы+ бол. Мен сага жылына он күмүш тыйын төлөп турам, ошондой эле сени тамак-аш, керектүү кийим менен камсыз кылам»,— деди. Ал аныкында калды.
11 Леби анын үйүндө жашаганга макул болду. Ал ага уулдарынын бириндей эле болуп калды.
12 Леби Микейдикинде жашап, дин кызматчы+ болуп кызмат кылышы үчүн, Микей ага бийлик берди+.
13 Анан ал: «Эми Жахаба мага батасын берет, анткени меникинде леби дин кызматчы болуп кызмат кылып калды»,— деди+.