Бийлер 20:1—48
20 Ошондо Дандан+ Беир-Шебага+ чейинки жерлерде жана Гилат жеринде+ жашаган бүт Ысрайыл уулдары, бүт жамаат+ Жахабанын алдында Миспага+ чогулду+.
2 Элдин жана Ысрайыл урууларынын башчылары чыныгы Кудайдын+ элинин жыйналышында өз ордуларын ээлешти. Кылыч көтөргөн жөө жоокерлердин саны 400 000 киши болду+.
3 Бенжемин уулдары Ысрайыл уулдарынын Миспага чогулганын угушту+.
Ысрайыл уулдары: «Айтып бергилечи, кандайча ушундай жаман иш болду?» — дешти+.
4 Өлгөн аялдын күйөөсү, леби+, мындай деди: «Мен токолум+ менен Бенжемин уулдарынын жериндеги Гиба+ шаарына түнөгөнү калган болчумун.
5 Ал шаардын тургундары мага жамандык кылыш үчүн мен түнөгөн үйдү курчап алышты. Алар мени өлтүрмөкчү болушту; анан токолумду зордуктап салышты+, ал өлүп калды+.
6 Анан мен аны мүчөлөп бөлүп, Ысрайылдын бардык аймактарына+ жөнөтүп жибердим. Анткени алар уятсыз* жүрүм-турумга берилип+, Ысрайылда уятсыз, акылсыз иш кылышты+.
7 Эми, Ысрайыл уулдары, айтар сөзүңөрдү айтып, кеңешиңерди бергиле»+.
8 Ошондо баары бир ооздон+ мындай дешти: «Эч кимибиз өз чатырыбызга кетпейбиз, өз үйүбүзгө кайтпайбыз+.
9 Мындай кылабыз: өкчөмө таш ыргытып+, Гибага каршы согушабыз.
10 Ысрайыл урууларынын ар биринен жүз кишиден он, миңден жүз, он миңден миң киши чыгарабыз. Алар Ысрайылда уятсыз, акылсыз иш кылышкан+ Бенжемин уруусуна таандык Гиба шаарынын тургундары менен согуша тургандарды тамак-аш менен камсыз кылышат».
11 Ошентип, ысрайылдыктардын баары ал шаардагылар менен согушканы чогулушту.
12 Ысрайыл уруулары Бенжемин+ уруусундагыларга кишилерин жөнөтүп: «Кантип ушундай жаман ишке бардыңар?!+
13 Бизге Гибадагы+ ошол бузулган кишилерди+ чыгарып бергиле+, биз аларды өлтүрүп+, Ысрайылдан жамандыкты жок кылабыз»+,— деп айттырып жиберишти. Бирок Бенжемин уулдары бир туугандарын, Ысрайыл уулдарын, укпай коюшту+.
14 Алар Ысрайыл уулдары менен согушуш үчүн өз шаарларынан чыгып, Гибага чогулушту.
15 Гибадан чакырылган 700 жоокерди эсептебегенде, ошол күнү Бенжеминдин шаарларынан чакырылган кылыч көтөргөн жоокерлердин саны 26 000 болду+.
16 Алардын арасында тандамал 700 сологой+ киши бар болчу. Алардын ар бири салмоор менен таш ыргытканда+ бир тал чачка да таамай тийгизчү.
17 Бенжемин уулдарын кошпогондо, ысрайылдыктардан кылыч көтөргөн 400 000 киши чакырылды+. Алардын ар бири эр жүрөк жоокер эле.
18 Ысрайыл уулдары Бейтелге барып, Кудайдан: «Бенжемин уулдары менен согушканы кимибиз баштап барабыз?»+ — деп сурашты+. Жахаба: «Жүйүт баштап барат»,— деди+.
19 Ысрайыл уулдары эртең менен туруп, Гибанын тушуна жайгашышты.
20 Алар Бенжемин уулдары менен согушуу үчүн Гибага аскердик тартипте жайгашышты.
21 Бенжемин уулдары Гибадан+ чыгып, ошол күнү ысрайылдыктардын 22 000 кишисин сулатышты+.
22 Бирок ысрайылдыктар кайраттанып, биринчи күнү жайгашкан жерине кайра барып, аскердик тартипте жайгашышты.
23 Анан алар Жахабанын алдына барып, кечке чейин ыйлап+, Жахабадан: «Бир тууганыбыз Бенжеминдин уулдары менен согушканы дагы барышыбыз керекпи?» — деп сурашты+. Жахаба: «Баргыла»,— деди.
24 Экинчи күнү Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдарына жакын барышты+.
25 Бенжемин уулдары экинчи күнү да Гибадан чыгып, алардын кылыч көтөргөн+ 18 000 кишисин сулатышты+.
26 Ошондо бүт Ысрайыл уулдары+, бүт эл, Бейтелге барды да, ыйлап+, Жахабанын алдында отуруп, ошол күнү кечке чейин орозо тутушту+ жана Жахабанын алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар+ менен тынчтык курмандыктарын+ чалышты.
27 Анан алар бул тууралуу Жахабадан сурашты+, анткени ошол кезде чыныгы Кудайдын келишиминин сандыгы+ Бейтелде болчу.
28 Ошол убакта келишим сандыгынын алдында Арундун небереси, Элазардын уулу Пинехас+ кызмат кылчу+. Ал: «Бир тууганым Бенжеминдин уулдары менен согушканы дагы барышым керекпи же жокпу?» — деп сурады+. Жахаба: «Бар, эртең мен аны сенин колуңа салып берем»,— деди+.
29 Анан ысрайылдыктар Гибаны тегерете буктурма коюшту+.
30 Үчүнчү күнү Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдары менен согушканы чыгышты да, мурункудай эле Гибанын тушуна барып, аскердик тартипте жайгашышты+.
31 Бенжемин уулдары аларга каршы чыгып, шаардан алыстап кетишти+. Алар талаадагы бири Бейтелге+, экинчиси Гибага+ кеткен жолдо мурункудагыдай эле ысрайылдыктарды өлтүрө башташты. Алардын отузга жакын кишисин өлтүрүштү+.
32 Ошондон улам Бенжемин уулдары: «Алар баштагыдай эле бизден жеңилип жатышат»,— дешти+. Ысрайыл уулдары болсо: «Булардан качалы да+, шаарынан алыстатып, чоң жолдорго алып баралы»,— дешти.
33 Анан ысрайылдыктардын баары Баал-Тамарга барып, аскердик тартипте жайгашышты. Ал эми буктурмада+ жаткандары Гибанын+ туш тарабынан чыга башташты.
34 Бүт Ысрайылдын арасынан тандалган 10 000 киши Гибанын тушуна барды; ошондо катуу салгылаш болду. Бенжемин уулдары баштарына мүшкүл түшөрүн билишкен жок+.
35 Жахаба ысрайылдыктардын алдында Бенжемин+ уулдарын кыра баштады. Ысрайыл уулдары ошол күнү Бенжемин уулдарынын кылыч көтөргөн 25 100 кишисин сулатышты+.
36 Ысрайылдыктар Гибага каршы коюлган буктурмада жаткандарга таянып, Бенжемин уулдарынан кача баштаганда+, Бенжемин уулдары аларды жеңиле баштады деп ойлошту.
37 Буктурмадагылар болсо дароо Гибаны көздөй жөнөштү+. Алар шаарга кирип барып+, анын туш тарабына чачырап, тургундарын кылычтап салышты+.
38 Ысрайыл уулдарынын буктурмада жаткандар менен сүйлөшүп алганы боюнча, шаардан көтөрүлгөн түтүн аларга белги болмок+.
39 Ысрайыл уулдары салгылаш учурунда качып жөнөгөндө, Бенжемин уулдары алардын отузга жакын кишисин өлтүрүштү+. Ошондуктан алар: «Булар биринчи жолкудагыдай эле, бизден жеңилип жатышат»,— дешти+.
40 Ошол учурда белги берилди+: шаардан түтүн көтөрүлө баштады+. Бенжемин уулдары артын карашса — шаардан көккө жете түтүн көтөрүлүп жатыптыр+.
41 Ошондо ысрайылдыктар артка бурулушту+. Баштарына мүшкүл түшкөнүн көргөндө+ Бенжемин уулдары дүрбөлөңгө түшүштү+.
42 Алар ысрайылдыктардан качып, чөлдү көздөй бет алышты. Бирок куугунчулар алардын артынан калбай кууп баратышты. Шаардан чыккандар да аларды кууп жетип, өлтүрүп жатышты.
43 Алар Бенжемин уулдарын курчап+, тыным бербей кууп баратышты+. Ысрайылдыктар аларды Гибанын+ тушунда, анын чыгыш тарабында, кырып жатышты.
44 Ошентип, алар Бенжемин уулдарынын 18 000 эр жүрөк кишисин+ өлтүрүштү.
45 Бенжемин уулдары чөлдү көздөй, Римон аскасын+ көздөй качып жөнөштү. Ысрайылдыктар алардын калгандарын кууп жетип, жол бою 5 000 кишисин өлтүрүштү+. Алар Бенжемин уулдарын тээ Гидомго чейин кууп барып, дагы 2 000 кишисин өлтүрүштү.
46 Ошол күнү Бенжемин уулдарынын кылыч көтөргөн 25 000 эр жүрөк кишиси каза тапты+.
47 Бирок аман калган 600 кишиси чөлгө, Римон аскасына+ качып барып, ал жерге төрт ай корголошту.
48 Ысрайылдыктар болсо кайрылып келип, калган Бенжемин уулдары менен согушуп, шаардан кезиккендин баарын, адамдан тартып малга чейин, кылычтап салышты+. Алар жолдон туш болгон шаарлардын баарын өрттөштү+.
Шилтемелер
^ Же: «бузуку».