Бийлер 21:1—25

21  Ысрайылдыктар Миспада+: «Эч кимибиз Бенжемин уулдарына кыз бербейбиз»,— деп ант беришти+.  Анан алар Бейтелге барып+, кечке чейин чыныгы Кудайдын алдында отуруп+, боздоп ыйлашты+.  Алар: «Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, эмнеге Ысрайылда ушундай иш болду? Анын бүтүндөй бир уруусу жок болуп калбадыбы!» — дешти+.  Эртеси күнү эртең менен эрте турушту да, курмандык жайын куруп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар+ менен тынчтык курмандыктарын чалышты+.  Ысрайыл уулдары: «Баары Жахабанын алдына чогулганда, Ысрайыл урууларынын ичинен ким келген жок? Миспага, Жахабанын алдына келбегендер жөнүндө биз: „Алар өлүм жазасына тартылат“,— деп ант+ бергенбиз»,— дешти+.  Ысрайыл уулдары бир тууганы Бенжеминди аяй башташты. Алар: «Бүгүн Ысрайылдын бир уруусу жок болду.  Биз аларга кыз бербейбиз деп, Жахабаны оозанып ант берип койбодук беле+, эми тирүү калгандарына кайдан аял алып беребиз?» — дешти+.  Алар дагы: «Миспага+, Жахабанын алдына Ысрайылдын кайсы уруусу келген жок?» — дешти. Көрсө, баары конушка чогулганда, Жабеш-Гилаттан+ эч ким келбептир.  Алар элди эсептеп чыгышса, жабеш-гилаттыктардан бир да киши келбептир. 10  Ошондо жамаат 12 000 эр жүрөк кишини ал жакка жөнөтүп: «Барып, Жабеш-Гилаттын бардык тургундарын, атүгүл аялдары менен балдарын да кылычтап салгыла+. 11  Эркектер менен аялдардын баарын өлтүргүлө, эркек көрө элек кыздарын гана тирүү калтыргыла»,— дешти+. 12  Жабеш-Гилаттын+ тургундарынын арасында эркек көрө элек 400 кыз+ бар экен. Аларды Канаан жериндеги Шилодогу+ конушка алып келишти. 13  Бүт жамаат Римон аскасындагы+ Бенжемин уулдары менен сүйлөшүп, аларга элдешүүнү сунуш кылуу үчүн киши жөнөттү. 14  Ошондо Бенжемин уулдары кайтып келишти. Аларга Жабеш-Гилаттын+ тирүү калтырылган кыздарын аялдыкка беришти, бирок баарына жеткен жок+. 15  Жахаба Бенжемин уруусун Ысрайыл урууларынан бөлүп койгондуктан, элдин аларга боору ачыды+. 16  Жамаат аксакалдары: «Бенжемин уруусундагы аялдардын баарын кырып таштабадык беле, эми калгандарына аялды кайдан табабыз?» — дешти. 17  Анан алар: «Ысрайылдын бир уруусу таптакыр жок болуп кетпеши үчүн, тирүү калган Бенжемин уулдарынын+ өз үлүшү болушу керек. 18  Бирок Ысрайыл уулдары: „Бенжеминге кыз берген киши каргышка калат“,— деп ант берип коюшкандыктан+, биз аларга кыздарыбызды бере албайбыз»,— дешти. 19  Акырында алар: «Бейтелдин түндүгүндөгү, Бейтелден Шекемге+ кеткен жолдун чыгыш тарабындагы, Лебондун түштүк тарабындагы Шилодо+ жыл сайын Жахабага арналган майрам өткөрүлөт»,— дешти да, 20  Бенжемин уулдарына мындай деп айтышты: «Барып, жүзүмзарларга жашынып тургула. 21  Шилонун кыздары бийлегени чыкканда+, жүзүмзарлардан чыга калып, ар бириңер өзүңөргө бирден кыз кармап алгыла да, Бенжемин уруусунун жерине алып кеткиле. 22  Эгер алардын аталары же бир туугандары биз менен соттошкону келсе, биз аларга: „Биз үчүн аларга ырайым кылгыла. Согуштан биз туткундап келген кыздар алардын баарына жеткен жок+. Силер да аларга кыздарыңарды берген жоксуңар, берсеңер, күнөөлүү болуп калмаксыңар“,— деп айтабыз»+. 23  Бенжемин уулдары ошондой кылышты. Алар бийлегени чыккан кыздардын арасынан+, өздөрү канча болсо+, ошончо кызды кармап алып, өздөрүнүн жерине алып кетишти. Алар шаарларды куруп+, ал шаарларда жашап калышты. 24  Ысрайыл уулдары өз уруусу, өз уругу менен тарап кетишти. Ар бири өзүнүн жерине кетти+. 25  Ал кезде Ысрайылда падыша жок эле+. Ар ким өзү туура көргөнүн жасачу+.

Шилтемелер