Бийлер 5:1—31

5  Ошол күнү Дебора+ менен Абынаамдын уулу+ Барак+ мындай деп ырдашты+:  «Ысрайылдыктар согушууга ант берип, чачын коё беришкендиктен, Эл согушууга өз эрки+ менен баргандыктан, Жахабаны даңктагыла+.  Уккула, падышалар+, кулак салгыла, башкаруучулар: Мен Жахабаны даңктап ырдайм. Ысрайылдын Кудайы Жахабаны+ ыр менен даңазалайм+.  Жахаба, сен Сеирден+ чыкканда, Эдом жеринен келатканда+, Жер солкулдап+, асмандан, Булуттардан суу төгүлдү+.  Жахабанын алдында тоолор көчтү+, Ысрайылдын Кудайы+ Жахабанын алдында+ атүгүл Синай тоосу+ да көчтү.  Анаттын уулу Шамгардын+ күндөрүндө, Жаелдин+ күндөрүндө жолдор ээн калды. Мурда түз жол менен жүргөндөр айланма жолдор менен жүрүп калышты+.  Мен, Дебора+, ордуман турганга чейин, Ысрайылга жардам бериш үчүн эне катары ордуман турганга чейин+, Ысрайылдын айыл-кыштактарында эл калбай калды+.  Алар жаңы кудайларды тандап алышты+, Ошондо дарбазалардын алдында согуш болду+. Кырк миң ысрайылдыктын биринде да Калкан да, найза да болгон жок+.  Менин жүрөгүм Ысрайылдын башчылары менен+, Элдин арасынан өз эрки менен баргандар менен+. Жахабаны даңктагыла+. 10  Жээрде эшек минип бараткандар+, Кымбат баалуу килемдердин үстүндө отургандар, Силер да, жолдо бараткандар, Кудайдын иштери жөнүндө ойлонгула!+ 11  Суу алган жерден малын сугаргандардын үндөрү угулуп жатат+. Алар Жахабанын адил иштери тууралуу+, Анын Ысрайылдын айыл-кыштактарында жашаган элинин адил иштери тууралуу айта башташты. Ошондо Жахабанын эли дарбазанын жанына барды. 12  Ойгон, Дебора+, ойгон, Ойгонгун да, ыр ырда!+ Тур, Барак+, Абынаамдын уулу+, туткундарыңды алып жөнө! 13  Ошондо аман калгандар атактууларга келишти, Күчтүүлөргө каршы чыгыш үчүн Жахабанын эли мага келди. 14  Өрөөнгө келгендер Эпрайымдан тараган+, Алар сени менен, сенин элиң менен, Бенжемин. Махирден+ башкаруучулар, Забулундан катчынын шайманын көтөргөндөр келишти+. 15  Исахардын төрөлөрү+ Дебора менен болду. Исахар да, Барак да+ аны менен болду. Аны өрөөнгө жөө жөнөтүштү+. Рубейиндин кошуунунда болсо жүрөгү чечкинсиздер көп болду+. 16  Эмнеге сен эки жүктүн ортосуна отуруп алдың? Малга чоор тарткандарды угуш үчүнбү?+ Рубейиндин кошуунунда жүрөгү чечкинсиздер көп болду+. 17  Гилат Иордандын аркы өйүзүндөгү жеринде кала берди+. Эмнеге Дан кемелеринде калып калды?+ Ашыр болсо деңиз жээгинде кол куушуруп отурду, Өзүнүн кеме жайларында жашады+. 18  Забулун — өз жанын тобокелге салган эл+, Бийик жерлерде жашаган+ Напталы+ да ошондой. 19  Падышалар келип, салгылашышты. Ошондо Канаандын падышалары Таанахта+, Мегидо+ суусунун жанында салгылашышты+. Бирок алар күмүш олжолой алышкан жок+. 20  Асмандан жылдыздар согушту+, Алар өздөрү жылып бараткан жолдон Сисерага каршы согушушту. 21  Аларды Кишон суусу+, Байыркы Кишон суусу жууп кетти+. Оо, жаным, сен күчтүүлөрдү тебеледиң+. 22  Кунандары жулунуп, катуу чуркаганда, Аттары туяктары менен жер чапчыды+. 23  „Мерозду каргагыла+,— дейт Жахабанын периштеси+, Анын тургундарын тынымсыз каргагыла, Анткени алар Жахабага жардамга келишкен жок. Күчтүүлөр менен бирге Жахабага жардамга келишкен жок“. 24  Аялдардын ичинен кейнилик+ Хебердин аялы Жаел+ эң көп бата алат. Чатырда жашаган аялдардын ичинен ал баарынан көп бата алат+. 25  Сисера суу сураганда, ал сүт берди, Күчтүүлөр ичкен чоң табакка каймагын куюп берди+. 26  Анан колун чатырдын казыгына сунуп, Оң колуна жумушчунун балкасын алып+, Казыкты Сисеранын башына кагып+, Анын чыкыйын тешип салды. 27  Ал чарчап келип, анын бут алдына суй жыгылды, кулады, Чарчап келип, бут алдына суй жыгылып, кулады. Жыгылган жеринде турбай жатып калды+. 28  Аял терезени карап, күтүп жатты. Сисеранын энеси тордолгон терезеден карап+: „Майдан арабалары эмнеге мынча кечикти?+ Эмнеге алардын дабышы угулбайт?“ — деп сурап жатты+. 29  Атактуу аялдардын акылмандары+ ага жооп берип жатышты, Ал өзү да өзүнө мындай деп жооп берип жатты: 30  „Алар олжо таап, бөлүшүп жатышса керек+, Ар бир эркекке аял, экиден аял тийсе керек+. Олжолоп алган түстүү кездеме Сисерага, түстүү кездеме ага тийип, Олжону бөлүшүп жаткандардын мойнуна Саймаланган кийим, түстүү кездеме, саймаланган экиден кийим илинсе керек“. 31  Оо, Жахаба, душмандарыңдын баары ушинтип жок болсун+, Ал эми сени сүйгөндөр+ күндөй жаркырасын»+. Ошондон кийин ал жерде кырк жыл тынчтык болду+.

Шилтемелер