Бийлер 8:1—35

8  Анан Эпрайым уруусундагылар Гидонго: «Бул эмне кылганың? Мидиандыктар менен согушканы барганда бизди эмнеге чакырган жоксуң?»+ — деп, уруш чыгарганга аракет кылышты+.  Акыры, Гидон аларга: «Менин кылганым силердикине салыштырганда эмне болуп калыптыр+. Абиезер+ жыйнаган жүзүмгө караганда анын артынан Эпрайым+ терип алган жүзүм жакшыраак эмеспи?  Кудай мидиандыктардын төрөлөрү Ореп менен Зепти+ силердин колуңарга салып бербедиби. Силерге салыштырмалуу мен эмне кыла алдым?» — деди. Ошондо алардын ачуусу тарай түштү+.  Гидон менен анын 300 кишиси Иорданга жетип, аны кечип өтүштү. Алар чарчаганына карабай душмандарын кууп баратышты.  Сукотко+ жеткенде Гидон анын тургундарына: «Менин кишилериме нан берип койгулачы+, алар чарчап калышты. Мен Мидиан падышалары Зебак+ менен Залмунду+ кууп баратам»,— деди.  Бирок Сукоттун төрөлөрү: «Биз сенин аскерлериңе нан бергидей, сен, эмне, Зебак менен Залмунду колго түшүрүп алдың беле?» — дешти+.  Гидон аларга: «Ушинткениңер үчүн, карап тургула, Жахаба Зебак менен Залмунду колума салып бергенде, териңерди чөлдө өскөн тикен менен, тикенектер менен тытам»,— деди+.  Анан ал жерден Пенуелге+ барып, анын тургундарына да ошол эле өтүнүч менен кайрылды, бирок алар да Сукоттун тургундарындай жооп беришти.  Ошондо Гидон аларга: «Жеңиш менен кайтканымда мунараңарды талкалайм»,— деди+. 10  Зебак менен Залмун+ өздөрүнүн аскерлери менен, 15 000дей кишиси менен, Каркордо эле. Чыгышта жашаган элдердин+ 120 000 жоокери өлүп, ушунча эле кишиси калган болчу+. 11  Гидон Нобах менен Жокпеянын+ чыгышында жашаган көчмөндөрдүн жолу менен жүрүп отурду. Ал душмандардын кошуунуна күтүүсүздөн кол салып, аларды кыра баштады+. 12  Мидиандыктардын падышалары Зебак менен Залмун качып жөнөгөндө, Гидон алардын артынан кууп барып, экөөнү тең кармап алды+. Ошондо алардын аскерлерин коркунуч басты. 13  Жоаштын уулу Гидон Хереске кеткен өр жол менен согуштан кайтып келатканда жолдон 14  сукоттук+ бир баланы кармап алып, суракка алды+. Ал Гидонго Сукоттун төрөлөрү+ менен аксакалдарынын, жетимиш жети кишинин, атын жазып берди. 15  Гидон Сукоттун тургундарына барып: «Силер: „Биз сенин чарчаган кишилериңе нан бергидей, сен, эмне, Зебак менен Залмунду колго түшүрүп алдың беле?“ — деп мени шылдыңдадыңар эле, мына ошол Зебак менен Залмун»,— деди+. 16  Анан шаардын аксакалдарын, Сукоттун кишилерин чөлдө өскөн тикендер, тикенектер менен жазалады+. 17  Ошондой эле Пенуелдеги+ мунараны талкалап+, шаардын тургундарын өлтүрүп салды. 18  Ал Зебак менен Залмундан+: «Силер Табордо+ өлтүргөн кишилер кандай эле?» — деп сурады. Ал экөө: «Алар сага окшош болчу, ар бири падышанын уулдарына окшош эле»,— дешти. 19  Гидон: «Алар менин бир туугандарым, энемдин уулдары болчу. Жахаба тирүү*, ошондо аларды тирүү калтырганыңарда, азыр силерди өлтүрмөк эмесмин»,— деди+. 20  Анан тун уулу Жетерге: «Тур, буларды өлтүр»,— деди. Бирок ал жаш болгондуктан коркуп+, кылычын сууруп чыккан жок. 21  Ошондо Зебак менен Залмун: «Бизди өзүң өлтүр, анткени эркекке күчүнө карап баа берет»,— дешти+. Гидон аларды өлтүрүп+, төөлөрүнүн мойнундагы ай түрүндөгү жасалгаларды чечип алды. 22  Кийинчерээк ысрайылдыктар Гидонго: «Бизди сен башкар+, сенин уулуң, неберең башкарсын, анткени сен бизди мидиандыктардын колунан куткардың»,— дешти+. 23  Бирок Гидон аларга: «Силерди мен да, уулум да башкарбайт+. Силерди Жахаба башкарат»,— деди+. 24  Анан: «Силерден суранарым, ар бириңер өз олжоңордон мурунга тагылчу бирден алтын шакек+ бергиле»,— деди. (Жеңилгендердин мурунга тагылчу алтын шакектери бар эле, анткени алар ысмайылдыктар болчу.)+ 25  Алар: «Мейли, берели»,— дешти да, бир кийимди жайып, үстүнө ар бири өз олжосунан мурунга тагылчу бирден шакек таштады. 26  Ай түрүндөгү жасалгаларды+, сөйкөлөрдү, Мидиан падышаларынын кызгылт көк жүн кийимдерин+, төөлөрдүн мойнундагы жасалгаларды+ эсептебегенде, ал сурап алган алтын шакектердин салмагы 1 700 алтын шекел* болду. 27  Гидон ал алтындан эфод+ жасап, аны өзүнүн шаары Опрага+ коюп койду. Бүт ысрайылдыктар ага табына башташты+. Ошентип, ал Гидон үчүн да, анын үйүндөгүлөрү үчүн да тузак болду+. 28  Мидиандыктар+ Ысрайыл уулдарына багынып, аларга баш көтөргүс болушту. Гидондун убагында ал жерде кырк жыл тынчтык болду+. 29  Жоаштын уулу Жерубаал+ үйүнө кайтып барып, ошол жакта жашады. 30  Гидондун жетимиш уулу болгон+, анткени анын аялдары көп эле. 31  Шекемде жашаган токолу да уул төрөп берген, ал анын атын Абымелек+ деп койгон. 32  Узак өмүр сүргөндөн кийин Жоаштын уулу Гидон көз жумуп, атасы коюлган жерге, Абиезердин тукумдары жашаган Опрага+ коюлду. 33  Гидон өлгөндөн көп өтпөй, Ысрайыл уулдары кайрадан Баалдарга табына башташты+. Алар Баал-Беритти кудай кылып алышты+. 34  Ысрайыл уулдары тегерегиндеги бардык душмандарынан куткарган+ Жахаба Кудайын эстешкен жок+. 35  Алар Жерубаалдын, башкача айтканда, Гидондун үйүндөгүлөрүнө мээримдүүлүк көрсөтүшкөн жок+, анын Ысрайылга кылган бардык жакшылыктарын унутуп коюшту+.

Шилтемелер

Адатта, ысрайылдыктар айткан сөздөрүнүн чын экенин баса белгилеш үчүн Жахабанын (же башка бирөөнүн) тирүү экенин айтып ант беришчү.
Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.