Бийлер 9:1—57

9  Жерубаалдын уулу Абымелек+ Шекемге барып+, таякелери менен таятасынын үйүндөгүлөрүнүн баарына:  «Шекемдин тургундарына: „Силерди Жерубаалдын жетимиш уулунун+ баары башкарганы жакшыбы же бир эле кишинин башкарганы жакшыбы? Мен силердин бир бооруңар*+ экенимди унутпагыла“,— деп айткыла»,— деди.  Таякелери анын айткандарын Шекемдин бардык тургундарына айтышты. Ошондо алар: «Ал — биздин бир тууганыбыз»+ — деп, Абымелек+ тарапка оой башташты.  Алар ага Баал-Бериттин+ ибадатканасынан жетимиш күмүш тыйын алып беришти. Абымелек ал күмүштү бекерпоз, жүзү кара кишилерге+ берип, аларды өзүн коштоп жүрүүгө жалдады.  Анан ал Опрага+, атасынын үйүнө барып, өзүнүн бир туугандарын — Жерубаалдын жетимиш уулун — өлтүрдү+. Алардын баарын бир таштын үстүндө өлтүрдү. Жерубаалдын кенже уулу Жотам гана аман калды, анткени ал жашынып калган болчу.  Андан соң Шекемдин бардык тургундары менен Милодо+ жашагандардын баары чогулуп, Шекемдеги чоң бактын+, мамынын жанына барып+, Абымелекти падыша кылып шайлашты+.  Муну Жотамга айтышканда, ал дароо Гаризим тоосунун+ чокусуна чыгып, аларга мындай деп кыйкырды: «Мени уккула, Шекемдин тургундары, ошондо Кудай да силерди угат!  Бир жолу дарактар өздөрүнө падыша шайламакчы* болушат. Алар зайтун дарагына+: „Бизге падыша бол“,— дешет+.  Зайтун дарагы аларга: „Кудай менен адамдарга даңк алып келген майымды таштап+, башкаруучу болуп, башка дарактардын үстүнөн чайпалып эмне кылам?“ — деп коёт+. 10  Ошондо дарактар анжир дарагына+: „Бизге падыша бол“,— дешет. 11  Анжир дарагы да аларга: „Өзүмдүн таттуу мөмөлөрүмдү таштап, башкаруучу болуп, башка дарактардын үстүнөн чайпалып эмне кылам?“ — дейт+. 12  Ошондо дарактар жүзүмгө: „Бизге падыша бол“,— дешет. 13  Бирок жүзүм аларга: „Кудай менен адамдарды кубандырган жаңы шарабымды таштап+, башкаруучу болуп, башка дарактардын үстүнөн чайпалып эмне кылам?“ — дейт. 14  Акыры, бардык дарактар тикенектүү бадалга+: „Бизге сен падыша бол“,— дешет. 15  Тикенектүү бадал аларга: „Эгер мени чын эле өзүңөргө падыша кылып шайлагыңар келип жатса, анда менин түбүмө келип көлөкөлөгүлө+. Эгер антпей турган болсоңор, анда менден от чыгып+, Лебанон+ бал карагайларын жалмап кетет“,— дейт+. 16  Силер Абымелекти падыша кылып шайлап жатканыңарда чын жүрөктөн, чынчылдык менен иш кылдыңарбы?+ Жерубаал менен анын үйүндөгүлөрүнө жакшылык кылып, анын жакшылыгына жакшылык менен жооп бердиңерби? 17  Атам силер үчүн согушуп+, силерди мидиандыктардын+ колунан куткарыш үчүн өз жанын тобокелге салган болчу+. 18  Силер болсо атамдын үйүндөгүлөрүнө каршы чыгып, анын жетимиш уулунун+ баарын бир таштын үстүндө өлтүрдүңөр+. Ал эми атамдын күңүнүн уулу Абымелекти+, бир тууганыңар болгону үчүн эле, Шекемдин тургундарына падыша кылып койдуңар+. 19  Эгер Жерубаал менен анын үйүндөгүлөрүнө кылганыңар чын жүрөктөн, чынчылдык менен жасалган иш болсо, анда Абымелек менен бирге кубангыла, ал да силер менен бирге кубансын+. 20  Эгер андай болбосо, анда Абымелектен от чыгып+, Шекемдин тургундары менен Милодо+ жашагандарды жалмап кетсин. Ал эми Шекемдин тургундары менен Милодо жашагандардан чыккан от+ Абымелекти жалмап кетсин»+. 21  Анан Жотам+ бир тууганы Абымелектен качып, Беирге барды да, ошол жерде жашап калды. 22  Абымелек өзүн төрө кылып, Ысрайылда үч жыл бийлик кылгандан кийин+, 23  Кудай аны менен Шекемдин тургундарынын ортосунда келишпестик пайда кылды+. Ошондо Шекемдин тургундары Абымелекке чыккынчылык кылышты+. 24  Кудай буга Жерубаалдын жетимиш уулуна көрсөтүлгөн зордук-зомбулук үчүн өч алынышы үчүн жол берди+; Абымелектен бир туугандарын өлтүргөнү үчүн+, ал эми Шекемдин тургундарынан ага бир туугандарын өлтүргөнгө жардам беришкени үчүн өч алынышы үчүн жол берди+. 25  Шекемдин тургундары тоолордун башына Абымелекке каршы буктурма коюшту. Буктурмада жаткандар жолдон өткөндөрдүн баарын талап-тоноп жатышты. Бул тууралуу Абымелекке кабар жетти. 26  Эбеттин уулу Гаал+ бир туугандары менен Шекемге+ келди. Шекемдин тургундары жардам берет деп ага үмүттөнө башташты+. 27  Алар адаттагыдай эле талаага чыгып, жүзүмзарларынан жүзүм терип, андан шарап жасап, кубанып-шаттанып майрам өткөрүштү+. Анан өздөрүнүн кудайынын+ үйүнө барып, ичип-жеп+, Абымелекти каргашты+. 28  Эбеттин уулу Гаал: «Биз кызмат кылгыдай, Абымелек+ ким экен? Ал Жерубаалдын+ эле уулу эмеспи? Анын Шекемдеги өкүлү Зебул+ ким болуп калыптыр? Андан көрө, Шекемдин атасы Хамордун+ уулдарына кызмат кылгыла. Эмне үчүн биз Абымелекке кызмат кылышыбыз керек? 29  Эгер бул эл мен тарапка өтсө+, анда мен Абымелекти тактыдан түшүрүп салмакмын»,— деди. Анан Абымелекке: «Кол топтоп, мени менен беттешүүгө чык»,— деди+. 30  Эбеттин уулу Гаалдын+ бул сөздөрүн укканда шаардын төрөсү Зебулдун абдан ачуусу келди. 31  Ал Абымелекке жашыруун кабарчыларды жөнөтүп, мындай деп айттырды: «Эбеттин уулу Гаал бир туугандары менен Шекемге+ келип, шаардын тургундарын сага каршы чогултуп жатат. 32  Ошондуктан түндө+ кишилериң менен талаага барып, буктурма кой+. 33  Анан эртең менен эрте, күн чыгары менен туруп, шаарга кол сал. Гаал менен анын жанындагылар сага каршы чыгышканда, аны жеңип алыш үчүн бүт күчүңдү жумша». 34  Абымелек менен анын кишилери түндө туруп, төрт топко бөлүнүп, Шекемге каршы буктурма коюшту. 35  Эбеттин уулу Гаал+ шаардын дарбазасынын алдына барып турганда, Абымелек кишилери менен буктурмадан чыкты. 36  Гаал аларды көрүп, Зебулга: «Карасаң, тоодон бирөөлөр түшүп келатат»,— деди. Зебул болсо: «Тоонун көлөкөсү сага топ кишидей көрүнүп жатса керек»,— деп койду+. 37  Бир аздан кийин Гаал ага кайрадан: «Карасаң, бул жердин ортосундагы бийик жерден бирөөлөр түшүп келатат, дагы бирөөлөрү Меоненим чоң дарагы жактан келатат»,— деди. 38  Ошондо Зебул ага: «„Биз кызмат кылгыдай, Абымелек ким экен?“+ — деп айтканыңды унутуп калдыңбы?+ Сен ушул элге каршы сүйлөбөдүң беле?+ Эми бар да, алар менен салгылаш»,— деди. 39  Гаал Шекемдин тургундарын Абымелек менен салгылашканы баштап барып, аны менен согушту. 40  Бирок ал Абымелектен качып жөнөдү, ал анын артынан кууду. Өлгөндөр аябай көп болду, шаардын дарбазасынын алдына чейин өлүктөр жатты. 41  Абымелек Арумага барып, ошол жерде жашады. Зебул+ Гаалды+ бир туугандары менен кошо Шекемден+ кууп жиберди. 42  Эртеси эл талаага чыкты. Бул тууралуу Абымелекке билдиришти+. 43  Ошондо ал кишилерин үч топко бөлүп+, талаага барып буктурма койду. Анан шаардан кишилер чыгып келатканда, аларды өлтүрүп салды. 44  Абымелек жанындагы топтору менен шаардын дарбазасын көздөй бет алды, калган эки топ болсо талаада жүргөндөргө кол салып, аларды өлтүрүп ташташты+. 45  Абымелек ал шаардагылар менен бир күн кечке салгылашып, шаарды басып алды да, андагы элдин баарын өлтүрүп+, шаардын өзүн талкалап+, ал жердин баарына туз сээп салды+. 46  Бул тууралуу укканда Шекемдеги мунарада жашагандардын баары дароо Эл-Бериттин+ үйүндөгү жашынуучу бөлмөгө кирип кетишти. 47  Шекемдеги мунарада жашагандардын баары бир жерге чогулганын Абымелекке билдиришти. 48  Ошондо Абымелек жанындагы кишилери менен Салмон тоосуна+ чыкты. Анан ал колуна балта алып, дарактардын бутактарын кыйып, ийнине койду да, жанындагыларга: «Мени карагыла да, мен эмне кылсам, силер да тезинен ошону кылгыла!» — деди+. 49  Алардын ар бири бирден бутак кыйып, Абымелектин артынан жөнөштү. Анан тигилер жашынып жаткан жерге бутактарды үйүштү да, өрт коюп жиберишти. Ошентип, Шекем мунарасында жашаган миңдей эркек-аялдын баары өлдү+. 50  Андан соң Абымелек Тебеске+ барып, ага кол салып, аны басып алды. 51  Ал шаардын ортосунда мунара бар болчу. Шаардын бүт тургундары, эркек-аялдардын баары, ага качып кирип, эшигин бекитип, үстүнө чыгып кетишти. 52  Абымелек болсо мунарага сокку уруп, аны өрттөш үчүн эшигине жакын барды+. 53  Ошондо бир аял Абымелектин башына жаргылчактын ташын таштап жиберди эле, анын баш сөөгү сынып кетти+. 54  Абымелек дароо курал көтөргөн жигитин чакырып: «Кылычыңды сууру да, мени өлтүрүп сал+. Болбосо: „Аны аял өлтүргөн“,— деп айтышат»,— деди. Жигит ошол замат аны сайып салды, ал өлүп калды+. 55  Абымелектин өлгөнүн көрүп, ысрайылдыктар өз-өз жайларына тарап кетишти. 56  Ошентип, Кудай Абымелектин жетимиш бир тууганын өлтүрүп, атасына кылган жамандыгын өз башына түшүрдү+. 57  Ошондой эле ал, Шекемдин тургундарына Жерубаалдын+ уулу Жотамдын+ айткан каргышы+ тийиши үчүн, алардын кылган бүт жамандыгын өз баштарына түшүрдү+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сөөгүңөр жана денеңер».
Сөзмө-сөз: «майламакчы».